Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК алардын кызматкери Атамбаев менен Фарид Ниязвовдун иш бөлмөлөрүнө тыңшоо койгонун четке какты (видео)

Мекеме саясий ишмерлер өзүн пиарлаш үчүн атайын кызматтын дарегине негизсиз дооматтарды коюп жатышат деп эсептейт

КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Апрель» телеканалынын «УКМКнын кызматкери «Форумдун» өкүлүн «кызматташууга» чакырып, КРнын экс-президенти Алмазбек Атамбаев менен президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун иш бөлмөлөрүнө орнотуу үчүн эки тыңшоочу аппарат берген» деген билдирүүсүн четке какты.

КРнын УКМКсы расмий түрдө Комитеттин кызматкери «Форумдун» өкүлүнө Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязовдун иш бөлмөлөрүнө тыңшоочу аппарат коюуга мажбурлагандыгы жөнүндө таратылып жаткан маалымат чындыкка жатпайт, - дешти Vesti.kg сайтына мекеменин басма сөз кызматында. - УКМК мындай билдирүүнү чагым деп баалайт. Айрым саясий ишмерлер өздөрүн пиарлаш үчүн КРнын атайын кызматынын дарегине негизсиз дооматтарды коюп жатышат.

Улуттук комитет кыргызстандыктарды ЖМКда негизсиз билдирүүлөрдү таратуудан алыс болууга чакырат.

 - Буга байланыштуу КРнын УКМКсы жарандарыбызды ЖМКда бир тараптуу жана негизсиз билдирүүлөрдү таратуудан алыс болууга чакырат, - деп кошумчалашты мекеменин басма сөз кызматында. - «Форумдун» өкүлдөрү бардык жагдайларды иликтөө үчүн тийиштүү органдарга кайрылууга укуктуу. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өз кезегинде буга көмөктөшүүгө даяр.

 Тактай кетсек, «Апрель» телеканалы өзүн Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери деп тааныштырган адам, «Форумдун» өкүлүнө КРнын экс-президенти Алмазбек Атамбаев менен президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун иш бөлмөлөрүнө орнотуу үчүн эки тыңшоочу аппаратты бергендигин баяндаган видео жарыяган эле.

 

 

Медина Купсулдаева

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх