Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Айыл чарба министрлигин башчылыгына азыр эки талапкер каралууда»

 Эксперт айыл чарба министри катары ал Бакыт Мамыткановду көргүсү келерин билдирди

Жаңы айыл чарба министри мамлекеттик деңгээлде иш алып кете алган, чет элдик компаниялар менен иш тажрыйбага ээ болушу зарыл. Мындай оюн Vesti.kg сайтына айыл чарба тармагы боюнча эксперт Улан Адамалиев билдирди.

- Азыр коомчулук бул орунга эки талапкерди талкуулап жатат: Бакыт Мамытканов менен Тилек Токтогазиев. Экөө тең агробизнес менен алектенишет, - деп белгиледи ал. Чынын айтсам, мага Мамытканов көбүрөөк жагууда, анткени, анын тажрыйбасы, албетте, көбүрөөк. Ошондой эле, Бакыт Мамытканов күнөскана бизнеси менен бирге мал багуу менен да алектенип, жакшы ийгиликтерге жетише алган. Мен бул тармактагы башка серепчилер менен да баарлашып көрдүм - бардыгы Мамытканов бул кызматка татыктуу экенин, анда мамлекеттик деңгээлдеги ой-жүгүртүү бар экенин айтышууда.
Муну менен катар, Адамалиев коомчулукта мамлекеттик кызматка байланышкан кадр чечимдерин кабыл алууга катышуу мүмкүндүгү пайда болгонуна кубанычта экенин белгилеп өттү.


- Азырынча аткаминерлерди дайындоого таасир эте албагыныбыз менен жакында эле кызматтарынан кеткен министрлер өз даректерине айтылган сындардан улам кетишкенин айтышты, - деп эскерте кетти ал. Бул жарандык коом менен журналисттердин кичинекей жеңиши.

Эскерте кетсек, буга чейин Vesti.kg президент Соронай Жээнбеков айыл чарба, тамак- аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевди ээлеген кызматынан бошотуу боюнча жарлыкка кол койгонун маалымдаган.

Вероника Малышева

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх