Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДП: Дамир Мусакеевдин тарапташтарында Бишкекте митинг өткөрүү ниети жок

 Өткөн ишемби күнү Ысык-Көлдө Атамбаевдин мурдагы жансакчысын колдогон эл чогулган

25-май күнү Бөкөмбаев айылында (Ысык-Көл облусу) 50гө жакын кишинин катышуусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеевди колдогон митинг болуп өттү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ысык-Көл облусунун ИИМнин басма сөз кызматында билдиришти.

- Ал жерде 50гө жакын киши чогулган. Алар тараптан эч кандай тартип бузуулар болгон жок. Биз түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Азыр Ысык-Көл облусунда абал туруктуу. Мусакеевдин тарапташтарынын кайра чогулаары жөнүндө сөз жок.

Муну менен катар КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Vesti.kg сайтына берген маегинде Дамир Мусакеевдин тарапташтарында Бишкекке чогулууга ниеттери жок экенин билдирди. Ошондой эле ал УКМКнын 9-кызматынын мурдагы башчысын колдоого эл, балким, июнда өтө турган КСДПнын тынчтык митингинде чыгаарын белгилеп өттү.


Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх