Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КР Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын башчысы Гуламжан Анарбаев Матраимовдордун үй-бүлөсүнө куда болуп кетеби?

Депутат Искендер Матраимов суроону угуп алып телефонун өчүрүп салды, ал эми мекемеде болсо кийинчерээк жооп боло тургандыгына ишендиришти

КР Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын башчысы Гуламжан Анарбаев, учурда премьер - министр Мухаммедкалый Абылгазиевге Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун мүлкү тууралу суроолор боюнча отчет берип жаткан учуру, «Раим-миллиондун» кудасы болот. Бул тууралу социалдык түйүндөрдө Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина жазды.

«Руслан Матраимов, туугандардын эң кичинекейи, Гуламжандын бир тууган карындашына үйлөнгөн. Президент С.Ш.Жээнбеков алардын тууганчылыгы боюнча кабарыңыз барбы… Бизде эмне, бүт өлкөбүз Матраимовдордун түйүндүк маркетинги менен чырмалышып калганбы?», - деп ачууланды эл өкүлү.

Vesti.kg сайты Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовго муну чечмелеп беришин өтүнгөндө, ал суроону толук угуп, бирок жооп берүүдөн баш тартты жана телефонун өчүрүп салды.

Ал арада Финчалгындан кийинчэрээк жооп бере тургандыктарына ишендиришти.

- Төрага качан өкмөттөн чыкканда, Сиздин маалыматты тактап туруп, жообун беребиз, -деп ишендиришти КР Өкмөтүнүн алдындагы ФЧМКнын маалымат кызматы.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх