Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Аида Салянова жана Людмила Усманова байланышта иштешкен, алардын таасири жок Батукаевдин бошотулушу мүмкүн эмес болчу»

Укук коргоочу мурдагы башкы прокурорду камакка албайт деп ишенет, себеби анын колунда жаш баласы бар экендиги баарына белгилүү

Камакка алуу - Аида Саляновага байланыштуу колдонула турган чектелчү жаза чарасы эмес. Ушундай пикири менен Vesti.kg сайтына БШК мүчөсү, укук коргоочу Гүлнара Журабаева бөлүштү.

- Биздин өлкөдө бийликтегилер камакка алуу методун коркутуу усулу катары тез-тез колдонушат, -деп белгиледи ал. -Аида Салянованын бир жактарга качамын деген оюу жок болгон. Аны үй камагында же сыртка чыкпоо тууралу жазуу түрундөгү кат менен калтырышса болмок. Азыр бардыгын суроо камтама кылып жатышат - бийлик чынында эле Батукаевдин иши боюнча иликтегенди каалашабы же Атамбаевге каршы көрсөтмө бере турган адамдарды табууну көздөп жатабы?

Салянованын ден-соолугунун көйгөйлөрү бар экендигинен бардыгы кабардар экендиктерин Гүлнара Курашбековна кошумчалады.

- Анын жүрөгүндө көйгөйлөр бар, ушундай фактылардын да эске алынышы зарыл, -деп эсептейт Журабаева. - Ошол эле учурда энелик мээримге муктаж болгон кичинекей баласы да бар. Андан тышкары Аида Жеңишбековна өз инисинин өлтүрүлгөндүгү боюнча соттук териштирүүдө да катышууда. Мен оюмда сот анын камалышына жол бербейт жана башка баш коргоо чараларын колдонот деп умүттөнөмүн.

Ошол эле учурда белгилүү адвокат Икрамидин Айткулов мурдагы башкы прокурордун кармалышы табигый көрүнүш экендигин түкшүмөлдөйт.

- Менин өз булактарымдын билдиришкендерине караганда, ага каршы көрсөтмөлөрдү башкы прокурордун мурдагы орун басары Людмила Усманова берген, - деди ал Vesti.kg сайтына. -Албетте, бул өзүнөн өзү түшүнүктүү, себеби, Усманова Салянованын катышуусу жок эч нерсе жасай алмак эмес. Алар байланышта иштешкени мындай эле көрүнүп турат.

Айткуловдун алдын ала түкшүмөлүндө, «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевди бошотуу тууралу маанилүү чечим Башкы прокуратураны айланып өтүшү мүмкүн эмес.

- Салянова аралашпаган болушу өтө кыйын, ошого байланыштуу баш коргоо чарасы да ал үчүн тийиштүү деңгээлде болушу шарт - камакка алуу чечими, -деп ишенет ал..

Эске салсак, Аида Салянованын камакка алынгандыгы жөнүндө кечээ түндөсү белгилүү болгон. Мурдагы аскер прокурору Майрамбек Акматалиев жана башкы прокурордун мурдагы орун басары Людмила Усманова менен бетме-бет жолугушуу өткөрүлгөн.

Мурдагы башкы прокурор суракта 8 сааттан ашык тамактанбастан сурак бергендиги тууралу билдиргенбиз.

ИИМнин маалыматы боюнча Салянова Бишкектин ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Вероника Малышева
Фото www

 

 

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх