Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Райымбек Матраимовдун иниси ЭКККМКдан расмий түрдө иштен бошотулду

Исламбек Матраимовдун кызматынан бошотуу тууралу буйрукка майдын аягында эле кол коюлган болчу.

Исламбек Матраимов мындан ары Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматта иштебейт. Бул тууралу Vesti.kg сайтына мекеменин маалымат катчылыгынан билдиришти.

- Анын агасы Райымбек Матраимовдун мүлкү боюнча текшерүү башталгандан кийин Исламбек Матраимов эмгек эс алуусуна чыккан, -деп билдиришти ЭКККМК. -22-майда болсо өз каалоосу менен жумушунан бошотууга арыз жазган. Кызматынан бошотуу тууралу буйрукка ошол эле күн менен  кол коюлган.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты «Раим-миллиондун» агасы депутат Искендер Матраимовдун парламенттеги укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөш жана корррупцияга каршы аракет боюнча комитеттеги жумуштан баш тартууга даяр экендигин телевидениенин эфиринде айткан сөздөрүн берген болчу. Ошондой эле депутат, кызыкчылыктар кагылышы жаралып калса, ошондой эле депутаттык мандатты да тапшырууга даяр экендигин, анын иниси Исламбек Матраимов болсо, ЭККМКдагы кызматын тапшыруу тууралу арызды жазып бергендигин кошумчалаган.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх