Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Турсунбек Акун: Салянованы балдарына шылтап бошотууну сурашкандары туура эмес

Мурдагы акыйкатчы мурдагы башкы прокурордун Алмазбек Атамбаевдин буйругун аткаруу менен адамдарды түрмөгө отургузганы жана алардын тагдырларын чечкендиги тууралу эске салды

Убактылуу кармоочу жайда калтыруу - Батукаевди бошотууда мыйзамсыздыкты жаап келген мурдагы башкы прокурор Аида Салянова үчүн - каардуу баш коргоо чарасы. Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Vesti.kg сайтына ушундай оюу менен бөлүштү.

- Саляновада туруктуу жашаган жайы, үй-бүлөсү, кичинекей бөбөгү бар, бир жактарга качып кетпесе керек эле, -деп айтты ал. -Мүмкүн, баш коргоо чарасы кыйла жеңил болсо болот эле. мен, негизи, укук коргоочу катары камоолорго каршымын.

Ошол эле учурда Турсунбек Акунович криминалдык төбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна мурдагы башкы прокурордун түздөн-түз тиешеси бар деп кошумчалады.

- Эгерде Салянова принципиалдуу позицияны карманганда, көзөмөл органынын жетекчиси катары Нарын областынын прокурорун токтотсо болот эле, -деп белгиледи ал. - А Салянова болсо, Батукаев чыгып кеткенден кийин парламентте чыгып сүйлөп, кесиптештерин коргоого аракеттерди жасады. Кызматка киришерде жынысы, балдарынын бар же жок экендиги эске алынбайт. Эгерде сен чечимди кабыл алган болсоң, анда жоопкерчиликти мойнуна ал. Азыр болсо, Салянованын туугандары анын кичинекей баласы бардыгына таянышып, аны бошотууну суранышууда. Бирок бул туура эмес - ал өзү деле бирөөлөрдү камаган жана тагдырларды чечкен.

Укук коргоочунун жекече алган маалыматтарына ылайык, Аида Салянова мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин буйругун аткарып турган.

- Ал Атамбаевдин оң колу болгон. Мен билемин, Атамбаев Батукаевди бошотууга ага өзү көрсөтмө берген, - деп сөзүн аяктады Акун.

Ал арада жарандык активист Адиль Турдукулов бийлик Аида Салянова үчүн каардуу баш коргоо чарасын тандап, ката кетирди деп ойлойт.

- Аида Салянованы бардык мурдагы башкы прокурорлордун арасынын президенттин аппаратынан эң көз карандысыз болгонуна карабастан, мындан мурда мыйзамсыз депутаттык мандатынан ажыратышкан, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Мүмкүн, мына ушундан кийин, аны атынан куугунтуктоо башталган. Көрүнүп турат го, аны Батукаевдин ишин изилдейбиз деп кармашкан жок, а мурдагы президенттин калбырына чаптайбыз дешип кармашты.

- Эми, мүмкүн, мурдагы башкы прокурордун соратниктери мындан күчтүүрөөк оппозициялык көз карашта болушат, - деди ал. - Бийлик Атамбаевге каршы күрөштүн жүрүшүндө башка саясий күчтөрдүн кантип радикализациянып башталганын байкабай калды. жана

Эске салсак, Vesti.kg сайты билдиргендей, Аида Салянованы 26-июнга чейин №1 убактылуу жайга киргизилген. Мурдагы башкы прокурор Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу тууралу иш боюнча өтүп жатат.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх