Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Финчалгындоо: Айеркен Саимаити Матраимовдордун фондуна акча которгон эмес

 ФЧМК маалыматтары боюнча, Кытайдын жараны Кыргызстандан жеке ишкер катары миллиондорду чыгарып кеткен.

Кыргызстандын финансылык чалгындообоюнча Мамлекеттик кызматы Кыргызстандан 700 миллион долларды чыгарып кетүү жөнундө алдын ала жыйынтыктарды чыгарды.

Эскерте кетсек, мурдараак, «Азаттык» агентствосу 2010-жылдан баштап 2017-жылга чейинки мезгилде Кыргызстандан Айеркен Саимаити деген киши жана «Абдыраз» ЖЧКсы тарабынан жогорудагы каражаттар чыгарылып кеткендигин журналистик изилдөөлөрү жүргүзгөн.

Финчалгындын маалымат кызматынан 2014-жылы эле ИИМне Саимаитиге байланыштуу салыктарды төлөөдөн, бажы салыктарын төлөөдөн качуу мүмкүндүгү бар экендиги тууралу, ошондой эле, Бириккен Араб Эмираттарынан кыймылсыз мүлктү сатып алууга байланышкан, кылмыштуу жол менен табылган кирешесин ачыктоого (легализацияга) арам оюу болгондугун караган бириктирилген материалдар жөнөтүлгөнүн Vesti.kg сайтына кабарлашты.

- 2016 - жылы Мамфинчалгын тарабынан ЭКККМКна КЭРнын жараны Айеркен Саимаити жана «Абдыраз» ЖЧКсына байланышкан жогорудагы материалдар жөнөтүлгөн, -дешти алар. - Ошондо, Финчалгын тарабынан КР КПКнин «Кылмыш соттук өндүрүшүндө кылмышты четке каккан жагдайлардын» 28-бап, 1-пункт жана 9-пунктчасы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылган чечим кабыл алынган.

Мамфинчалгындын маалыматтары боюнча Саимаити жеке ишкер катары акча каражаттарын түрдүү товарларды жана кыймылсыз мүлктү алуу үчүн которгон.

Ошол эле учурда Кытайдын жаранынын Түркиядан Матраимовдордун «Исмаил Ата» фондуна эки миллиондон ашык акчаны которгону тастыкталган жок деп мекемеден кошумчалашты.

- «Азаттыктын» изилдөөлөрүндө «Исмаил Ата» фондуна эки миллиондон ашык акчанын Айеркен Саимаитинин атынан которулгандыгы кабарланган. Биздин маалымат базабызга ылайык ал тастыкталган жок, - деп мекемеден маалымат беришти. -Бирок, Вуфули Бумаилиамунун (Саимаитинин аялы - Vesti.kg сайтынын ред. эск.) тарабынан аталган фондго 199 миң 958 доллар кайрымдуулук максатында акча каражаттары которулган.

Жыйынтыктап айтканда, Мамфинчалгын Саимаитинин аялы которгон сумманы тактоо үчүн текшерүүнү мекеме жүргүзүп жаткандыгын кабарлашты. Жыйынтыктары өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге билдирилет.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх