Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сагынбек Абдрахмановго сотко Атамбаевди эмес, Кодуранованы берүүнү сунушташты

Мурдагы президент учурда КСДПнын лидери эмес экендигин Кундуз Жолдубаева эске салды

Сагынбек Абдрахмановдун Алмазбек Атамбаевди партиянын документтерин ага беришин талап кылып сотко берерин билдиргени таң калыштуу болуп көрүнөт экен. «Социал-демократтардын» расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Vesti.kg сайтына ушинтип комментарийледи.

- Партиянын лидерлигинен кеткен Алмазбек Атамбаевден Абдрахмановдун партиянын документтерин талап кылышы өтө таң калыштуу, - деди ал. –Азыркы учурда КСДП партиясынын лидерлигине Асел Кодураңова төрайымдын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ошол кишини сотко бере берсин.

Ошол эле учурда, Юстиция министрлигинин кызматкерлерине партиянын расмий маалыматтарын өзгөрткөн фактылары боюнча кылмыш иши козголгондугуна карабай, «Атамбаевсиз СДПКнын» лидеринин сотко арыз бергени таң калтырганын жашырган жок.
- Азыр териштирүү жүрүп жатат, кайсыл документтер жөнүндө сөз болушу мүмкүн? - деди таң калды ал.

Түшундүрүп кетсек, Сагынбек Абдрахманов «Азаттыктын» кабарчыларына партиянын документтерин өткөрүп беришин талап кылып Алмазбек Атамбаевди сотко бере тургандыгын кабарлаган.


Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх