Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аида Салянованы карантин бөлүмүнөн Бишкектин №1 ЖТТАнын камерасына которушту

Мурдагы башкы прокурор менен болгону бир эле аял камерада бирге жатышат деп кабарлашты ЖАМКтан

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова криминалдык төбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотулушу тууралу иш боюнча камакка алынган жана карантин бөлүмүнөн №1 ЖТТАнын камерасына которушкан. Бул тууралу Vesti.kg сайтына ЖАМКтын маалымат кызматынан кабарлашты.

- Аны менен камерада дагы бир аял бар, -деп мекемеден маалымат беришти.

Эске салсак, Салянова 3-июнь күнү кечинде камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын №1 ЖТТАда 26-июнга чейин камакка алууга чечим чыгарган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх