Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Зарылбек Рысалиевди Батукаевдин иши боюнча кайрадан ИИМге суракка чакырышты  

Мурдагы ички иштер министри менен азыркы учурда аңгемелешип жаткандарына төрт саат болду

Мурдагы ички иштер министри, ЖАМКтын мурдагы төрагасы, азыр болсо ЖК депутаты Зарылбек Рысалиев криминалдык төбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу жөнүндөгү иши боюнча ИИМге кайрадан сурак бергени чакыртылган. Бул тууралу  Vesti.kg сайтына укук коргоо органдарынан кабарлашты.

Белгиленгендей, генерал Рысалиевди орточо саат 14:00дөн бери суракка алышууда.

Эске салсак, «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевди бошотулушу тууралу иш апрель айында жаңыдан тергелип башталган. Ошондон бери камакта жаткандар: врач-онколог Эмиль Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, ЖАМКнин төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов жана мурдагы башкы прокурор Аида Салянова.

Үй камагына чыгарылгандар: №47 колониянын борбордук ооруканасынын начальниги Фархад Атаходжаев, ЖАМКнин медициналык башкармалыгынын башчысы Акылбек Асанов жана Саламаттык сактоо министрлигинин врачы Канат Бектемиров.

 

Эльдос Казыбеков

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх