Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат: Абдраимов Матраимовдун бетине сенин жүзүң мага жакпайт деп батынып айта алат беле? (видео)

Депутат: Абдраимов Матраимовдун бетине сенин жүзүң мага жакпайт деп батынып айта алат беле? (видео)

Чүй облусунун башчысынын жүрүш - турушу кечирүүгө татыбайт, андыктан ал кызматтан кетиши керек, - деген ишеничте Дастан Бекешев

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарымдуу өкүлү журналист кызга «Мага сенин жүзүң жакпайт» деп айткандан кийин, ызы-чуунун ортосунда болгон Туйгунаалы Абдраимовду кызматтан кетирүү демилгесин сунуштады.

Тийиштүү видокайрылууну парламентарий бүгүн Facebook социалдык түйүнүнө жарыялады.

Бекешев ошол эле учурда, бул анын жеке пикири экендигин да белгиледи. Андан дагы Чүй облусунун башчысы МБКнын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовго да, ошол эле кызга айткан фразасын кайталап айта алар бекен деген суроо менен эл өкүлү түйшөлдү.

«Муну кечирбеш керек. Мен Туйгунаалы Абдраимовду кызматтан алуу керек деп эсептеймин. Кызматтан алганда да, мисалга, мен башкалардын анын артынан ээрчибесин дегеним. Биздин бийлик журналистер менен Джастин Трюдо сыяктуу сүйлөшүшүнө милдеттүү болушу керек деп эсептеймин, - деди эл өкүлү.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх