Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тергөө абагындагы Аида Саляновага бүгүн кардиолог врач келет

Мурдагы башкы прокурор билдиргендей, анда жүрөктүн кош жетишпестиги болгон

Камакка алынган мурдагы башкы прокурор Аида Салянованы бүгүн тергөө абагында кардиолог текшерет. Бул тууралу Vesti.kg сайтына Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордон билдиришти.

Белгилүү болгондой, 7-июнда Борбордун кызматкерлери аны тергөө абагында көрүшкөндө, ал ден-соолук абалына арызданган.

- ЖАМКтын кызматкерлери тарабынан ага кысым көрсөтүлгөнү жөнүндо арызданган жок, -деп билдиришти алар. -Бирок Салянова жүрөгү мурдатан ооруп жүргөндүгүн айтып, ага толук изилдөө жүргүзүлүшү керек экендигин билдирди. Анын билдирүүсүндө, бир эле кардиограмма жетишсиз - ал мурдатан кыйналып келген жүрөктүн кош жетишсиздигин көрсөтпөйт. Бүгүн тергөө абагына кардиолог врач келиши керек.

Эске салсак, көзөмөл органынын мурдагы жетекчиси Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу жөнүндөгү иш боюнча камакка алынган. Ал кармалган камерада дагы бир аял менен бирге кармалып жатат.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх