Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дамир Мусакеевди мурдагы күч органдарында иштегендегендер менен бир камерага жайгаштырышты

Атамбаевдин мурдагы жансакчысы тергөө абагында калды, себеби, ага байланышкан өкүм күчүнө кире элек болчу

Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы, УКМКнын 9-Кызматынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеевге ал жазасын өтөй турган колония тактала элек. Бул тууралу Vesti.kg сайтына ЖАМКтын маалымат кызматынан кабарлашты.

- Азыркы учурда ал Бишкектеги №1-тергөө абагында кармалып жатат, себеби, өкүм күчүнө кире элек, - мекемеде ушундай түшүндүрүштү.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордон Vesti.kg сайтына билдиришкендей, Мусакеев укук коргоо органдарынын мурдагы кызматкерлери менен бир камерада кармалууда.

- Мусакеевден арыз түшкөн жок, - деп билдиришти алар. -Тергөө абагында ал күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкерлери менен бир камерада олтурат.

Эске салсак, ушул жылдын май айында Свердлов райондук соту Мусакеевди кызматтык квартираларды мыйзамсыз бөлүштүрүү фактыларындагы бардык коюлган күнөөлөр боюнча күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыратуу менен 700 эсептик көрсөткүчтө (70 миң сом) жазага тарткан.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх