Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ызы-чууга түшкөн Туйгунаалы Абдраимовду премьер-министрдин кабинетине чакыртышты

Аңгемелешүү үчүн,  аткаминердин журналист менен чатагы  себеп болгон

Ызы-чууга аралашкан өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов, бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кабинетине чакырылды. Бул тууралу Vesti.kg сайтына министрлер кабинетинин аппаратындагы булактарыбыз кабарлашты.

Премьер менен Чүй облусунун башчысынын ортосундагы сүйлөшүүлөргө эмне себеп болгондугунун майда-чүйдөлөрү  так айтылбайт.

Ошондой эле, Абылгазиевдин аткаминер тууралу кандай чечим кабыл ала тургандыгы жөнүндө да белгисиз болууда.

Такталбаган маалыматтарга караганда, Туйгунаалы Абдраимов чууга айланган окуяга байланыштуу өкмөт башчыга чакырылган. Эскерте турган болсок, Абдраимов журналист кыздын суроолоруна «анын жүзү жакпай калгандыгынан» жооп берүүдөн баш тарткан. Бул окуя ЖМКнын өкүлдөрүнүн жана коомчулуктун жактырбаган толкунуна айланган.  

Мурдараак өкмөттөн, Мухаммедкалый Абылгазиев Туйгунаалы Абдраимовдун аракеттерине өз баасын бере тургандыгына ишендиришкен. Өкмөт башчы аткаминердин мындай жүрүш-турушу бардык аткаруу бийлигине көлөкө түшүрө тургандыгын мойнуна алган.  

Зулайка Эркимбаева

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх