Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматында бир жумадан бери Матраимовдун Кыргызстандан тышкары чыгышына уруксат берилгенби, тактай албай жатышат

Андан дагы, «Финполдон» «Раима-миллиондун» мүлкүн текшерүү аягына чыгып бара жаткандыгын эскертишти

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун мүлкүн текшерип жаткан Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан «Раим-миллиондун» Кыргызстандан тышкары чыкканга укугу барбы, - деп сураганыбызда, мурдагыдай эле, бүгүнкү күнгө чейин жооп берише элек.

Мурдараак, 3-июнда  «Финансылык полициянын» маалымат кызматынан Vesti.kg сайтына, бул суроону тактап бере тургандыктарына  ишендиришкен, бирок, жоопту алууга бүгүнкүгө чейин мүмкүн болбоду.

- Тилекке каршы, азырынча маалымат жок, - деп ЭКККМКнын маалымат кызматынан жооп беришти. - Сиздердин бардык суроолоруңузга жоопту текшерүүнүн жыйынтыгынан  кийин аласыздар.

Ошол эле учурда мекемеден Матраимовдордун мүлкүн текшерүү аягына чыгып бара жаткандыгын да кошумчалашты.

Эске салсак, Матраимовдордун мүлкүнө коомчулуктун көңүлү  «Азаттыктын» кабарчыларынын изилдөөлөрүнөн кийин дагы көбүрөөк бурулган болчу.  

Сюжетте Матраимовдор кайсы бир Айеркен Саимаити деген жарандын жана «Абдыраз» ЖЧКсынын жардамы менен Кыргызстандан 700 миллион доллардын чыгарылып кетишине тиешелери бар деп айтылган эле.  

Кийинчерээк, Кыргызстандын финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы Саимаити тарабынан которулган акча каражаттарына алардын тиешеси бар экендигин четке каккан болчу.

Зулайка Эркимбаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх