Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Министрликтин депутаттын наамына жазган катынан калемпирди сала турган кагаздан жасалган баштыкча жасашкан. Зулпукаров ачууланды (фото)

Маанилүү документтин өз багыты боюнча колдонулбаганы, анын кеңешчисинин күнөөсүнөн улам болгондугунан парламентарий шек санабайт.

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровго жөнөтүлгөн расмий каттан, жанчылган калемпир үчүн кагаздан жасалган баштыкча жасашкан.

Транспорт жана жолдор министрлигинен парламентарийге жөнөтүлгөн документтин сүрөтүн, социалдык түйүндөрдө жарыялашкан.

Vesti.kg сайты менен болгон аңгемелешүүдө Төрөбай Зулпукаров өзү кабарлагандай, аталган фактылар боюнча текшерүүлөр башталган.

- Биз азыр бул каттын кимдин колунан чыкканын текшерип жатабыз - менин жардамчымдын колунанбы же Транспорт министрлигиненби, - деди Төрөбай Закирович. -Мыйзам боюнча аталган документтерди биз 5 жылга чейин сакташыбыз керек. Ал үчүн өзүбүздүн архив бар. Азырынча, мен бул ишке менин кеңешчимди күнөөлүү деп айта албаймын, бирок ушундай болуп калышы да мүмкүн. Мындай катачылык үчүн катуу сөгүш бере аламын, же жумуштан кетиремин. Бирок, анын кароосунда аялы жана эки баласы бар.  

Парламентарий ошондой эле, паприка үчүн кагаздан жасалган баштыкча катары колдонулган документ өзгөчө мааниге ээ экендигин да айтып кетти.  

- Катта авариялык абалда болгон Ноокат районундагы көпүрө тууралу сөз олгон, - деп билдирди Зулпукаров. - Мен ал жерге барганмын, жашоочулар менен аңгемелешкенмин. Жергиликтүү бийликтер билдиргендей, мектептин курулушуна мамлекеттик бюджеттен 3 миллион сом бөлүнгөн, а көпүрөнү оңдоого жардам көрсөтүүнү менден суранышкан. Биз эл аралык кайрымдуулук уюму менен  жардам көрсөтүү тууралу келишкенбиз.

Эл өкүлү, ал уюмдун көпүрөнүн оңдоо-түзөө иштерине 3 миллион сом, ал эми окуу жайдын курулушуна - 10 миллион сом бөлгөндүгүн кошумчалады.

Аягында, ал өзү да расмий каттын кагаздан жасалган баштыкча катары колдонулганына жоопкерчилиги бар экендигин кошумчалады.

Зулайка Эркимбаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх