Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК төрагасынын мурдагы орун басары: Абдраимовду журналист кыз менен болгон чуу менен гана кызматтан алышкан жок

Чүй облусунун башчысын аябай катуу жазалашты, деген пикирлер бар

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун кызматтан кетиши бийликтин жарандардын пикири менен эсептеше тургандыгын айтып турат. Ушундай пикири менен укук коргоочу Рита Карасартова  Vesti.kg сайты менен бөлүштү.

- Премьер-министрдин Абдраимовду кызматынан кетирүү тууралу чечим кабыл алышы, бул абдан туура жана акыйкат чечим, - деп баса белгиледи ал. - Биз Акаевдин мезгилинен бери бир кызматтан экинчи кызматка көчүп жүрүшкөн аткаминерлерден мурда эле арылышыбыз керек болчу.

Рита Рахмановна, Туйгунаалы Абдраимовдун саясаттан кете турган мезгили келгендигин да кошумчалады.

- Ал бизнес менен алектенсин, мүмкүн бизнеси бар, бирок, мындан ары саясатка аралашпаса керек, - деп божомолдойт ал. - Эн жакшысы салык төлөсүн, ошентип мамлекетке пайда келтирет.

Ошол эле учурда, мурдагы депутат, ЖК төрагасынын мурдагы орун басары Кубанычбек Исабеков Абдраимовго карата өтө эле катуу чара колдонулду деп ишенет.

- Мен аны актагым келген жок, бирок журналистер да кээде туура эмес кылышат, - деп айтты ал Vesti.kg сайтына. - Ыйгарымдуу өкүлдөн канчада келгендигин кыйнап сурап туруп алышты. Мүмкүн, обьективдүү себептер болгондур, анын аркасынан бийликтин башка өкүлдөрүнөн кийин, окуя болгон жерге келгендир. Жыйында олтурса керек, же ага кечирээк кабар жеткендир.

Кубанычбек Сатиндиевич, Кыргызстанда жалпысынан коомдо сабырдуулук жетишпей жаткандыгын  кошумчалады.

- Бизде эл башкаларды укпайт жана түшүнбөйт, кичине эле бирдемке болсо чуу башталат, - деди ал. - Жакында эле күбө болдум, аксакал машинасын жолго коюп койду эле, андан ары тыгын башталды. Ал эми жаштар болсо, аны өлтүргөнгө аз эле калды. Мындай болбойт да. Ушундай абал жана моралдык түркүгүбүздүн жоктугу бизди эч кандай жакшылыкка алып келбейт..

Мурдагы депутат, өкмөт башчынын Абдраимовду журналистер менен болгон чуусу үчүн алган болбосо керек, кийинки кездердеги өкмөткө болгон сындардын толкунунан чыккан чечим болсо керек, деп белгиледи.

- Көрүнүп тургандай, Мухаммедкалый Абылгазиев  өкмөткө мындан ары да парламент жана жарандык коом тарабынан нараазычылыктардын көбөйүп кетпеши үчүн  мындай кадамга барышына туура келди көрүнөт, - деп белгиледи ал. - Ошол эле учурда мен ыйгарымдуу өкүл жаман иштеди деп айта албаймын. Анда тажрыйбасы жетиштүү, ал эми облуста көйгөйлөр толтура. Орок айылындагы чырга келсек, мамлекеттик органдар өздөрүнө коюлган тапшырмаларды аткарышмак. Улуттар аралык кагылышуу -бул өтө коркунучтуу. Баары жакшы бүтүрөлү деп аракеттеништи. Алардын ичинде Абдраимов дагы.

Эске салсак, Vesti.kg сайты билдиргендей, Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн Чүй облусундагы ыцыйгарымдуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовду кызматынан бошоткон.  

Мурдараак, Орок айылындагы чырдашууда Абдраимов журналист кыздын суроолоруна анын жүзү жакпай калгандыгын шылтоолоп, жооп берүүдөн баш тарткан. Бул билдирүү коомдо кеңири резонанс жараткан.

Вероника Малышева

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх