Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Туйгунаалы Абдраимов: Мындан ары эс аламын

Чүй облусунун мурдагы башчысы, учурда да журналистерден өзүн оолак кармоодо

Журналист кыз менен болгон чуулуу окуядан кийин Туйгунаалы Абдраимов өзүнүн Чүй облусунун башчысы кызматынан кеткендигинин себептерине комментарий берүүдөн баш тартты.

Эми болсо, өкмөттүн аймактагы мурунку ыйгарымдуу өкүлү  Vesti.kg сайтына тамашалуу түрдө ЖМКнын өкүлдөрүнөн оолак болууга аракеттенип жаткандыгын эске салды.

- Мен айтпадым беле, качан журналистерди жана микрофонду көргөндө кача баштадым, -деди мыскыл аралаш Туйгунаалы Дүйшөналиевич. - Мен эч нерсе деп комментарий бере албаймын.

Ошол эле учурда Абдраимов кызматтан кеткенден кийин эс алуу ниети бар экендигин кошумчалады.

- Эс аламын. Бул мен ээлеген кезектеги кызмат ордум болчу, - деп жыйынтыктады ал.

Эске салсак, Орок айылындагы ызы-чуунун жүрүшүндө Туйгунаалы Абдраимов сенин жүзүң мага жакпай жатат деген негизде журналист кызга комментарий берүүдөн баш тарткан.

Бул чуудан кийин ата мекендик массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, анын кызматтан кетишин талап кылып каршылык акциясын уюштурушкан.

Андан сырткары, аткаминер «Азаттык» агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып, кыргызстандыктарга Индияга барып, ал жактагы кедейчиликте жашагандарды көрүп, бизде Кыргызстанда кандай жакшы жашап жаткандыктарына ишенишсин деп сунуштагандан кийин, көптөгөн сындарга кабылган.

Андан да, Абдраимов кыргыз кыздарынын бүгүнкү күндө экспорттук товарга айлангандыгын билдирген.  

Зулайка Эркимбаева

Фото www





Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх