Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда электрондук петицияларды  мыйзамдаштырууга али эрте деген депутаттардын пикири  менен эксперттер макул

Аида Касымалиева өзүнүн онлайн-кайрылуусу жөнүндөгү мыйзам долбоорун кайтарып алды

Депутат Аида Касымалиева туура багытта ой жүгүртүүдө, бирок, онлайн-кайрылуу тууралу мыйзамды кабыл алгандан мурда, өлкөнү жалпы санариптештирүүнүн үстүнөн дагы иштеш керек. Жарандык активист Адиль Турдукулов Vesti.kg сайтына ушундай пикири менен бөлүштү.

- Менин билишимче, биздин өлкөдө жарандар 30 миң кол чогултуп, кайсы бир мыйзамды сунушташы мүмкүн, аны Жогорку Кеңеш карап берүүгө милдеттүү, -деп белгиледи ал. - Башка иш, буга чейин мындай нерсе али боло элек. Жыйынтыгында, мындай вариант иштебейт. Өлкөбүздүн мыйзам чыгаруу турмушунда жарандардын катышуусун парламентарийлердин колдогону жакшы. Бирок, мүмкүн, азырынча башка жол керек.

Турдукулов, чогултулган колдун санын 30 миңден 1 миңге чейин азайтса болот эле, деп кошумчалады.

- Эгер булар чыныгы коюлган колдор болсо, мыйзам долбоорун сунуштаганга, анда миң кишинин колу деле биздин өлкөдө жетиштүү болот, - деди ал. - Анын үстүнө, электрондук петициялар тууралу сөз жүрүп жатса, анда санариптештирүүнүн жалпы деңгээлине да караш керек. Коюлган колдордун аутенттүүлүгүн да текшерүү зарыл. Бул жерде жоопторго караганда суроолор көптүк кылат. Касымалиева туура ой жүгүртүүдө, бирок, электрондук кызматтарга жана санариптештештирүүгө базалык кирүүнүн көйгөйлөрүн чечүү керек. Мүмкүн, андан кийин биз онлайн-кайрылууларга кайтып келебиз.

Өз кезегинде медиа-эксперт Турат Акимов онлайн-кайрылуудагы коюлган колдордун асыл нускалыгын тастыктоо  жетишерлик эле кыйын экендигин белгилеп өттү.

- Депутаттар расмий ММКнын жаңылыктары жана арыздарына көңүлдөрүн бурушу зарыл, бирок, бул норма социалдык түйүндөрдөгү жарыяланган материалдарга тиешеси жок, - деди ал Vesti.kg сайтына, - Иштин баары, интернет - мейкиндигиндеги фейк жаңылыктары тез-тез болуп турат. Мүмкүн, эки адам бир шылтоо табат жана анын шылтоосу менен кол чогулта баштайт. Андан кийин бул нерсе парламент талкуусуна туш келсе, андан соң, бул маалымат фейк болуп чыкса? Андан башка, кол чогултууга хакерлер да аралашышы мүмкүн - ошол учурда чыныгы адамдар кол коюшканбы же жокпу түшүнүш кыйын болот.

Эсиңиздерге салабыз, мурдараак  депутат Аида Касымалиева коомдук талкууга электрондук петицияларды сунуштаган мыйзам долбоорун алып чыккан болчу.

Мыйзам долбооруна ылайык, петиция -  Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн, экономикалык, саясий, социалдык-маданий жана мамлекетибиздин жана коомубуздун ишмердүүлүгүнүн башка тармактарын жакшыртуу боюнча, ошондой эле жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууда жана аталган органдардын ишмердүүлүгүндөгү кемчиликтерди жоюуга көмөк көрсөтүү суранычтарын камтыган  беш миңден же андан ашкан жамааттык кайрылуусу.

Касымалиеванын идеясы боюнча, эгер петицияга беш миңден ашык адамдар кол койгон болсо, анда ал сунушту парламенттин профилдик комитети кароого милдеттүү. Эгерде ал суранычка 10 миңден ашык адам кол койгон болсо, анда бул маселе палатанын кароосуна чыгарылат.

Бүгүн мыйзам долбоорун профилдик комитетте талкуулашты. Кээ бир парламентарийлер Аида Касымалиеванын демилгесин сынга алышты.

Иса Өмүркулов бул долбоордун өлкө сыртынан каржыланышы да мүмкүн, деп боолголоду.

«Долбоорду ким каржылайт? Эмне үчүн өкмөттүн жыйынтык бүтүмү жок?  Беш миң адам өз пикирлерин бизге таңуулашабы?»,- журналистер эл өкүлүнөн цитата келтирип жатышты.

Бул идея, Канатбек Исаевге да жаккан жок, анын айтымында, петициялар башка мамлекеттердин жарандары тарабынан, алардын өз кызыкчылыктарына ылайык келгендей кылып, бизге таңууланышы мүмкүн.

Жыйынтыгында, Аида Касымалиева мыйзам долбоорун артка чакыртып алды, бирок, аны дагы толуктап чыгарына ишендирди.

Вероника Малышева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх