Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК депутаты: Атамбаев менен аңгемелештим жана анын Батукаевдин бошотулушунун артында так өзү тургандыгын түшүндүм

Мурдагы президенттин Сооронбай Жээнбековду колдоо менен кантип ката кетиргендигин Канатбек Исаев түшүндүрдүп берди

Жогорку Кенештин депутаты Канатбек Исаев парламент жыйынында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушунун артында тургандыгын айтып чыкты.

Төмөндө парламентарийдин сөзүнүн текстин келтиребиз:

«Бүгүн трибунадан чыгып сүйлөгөнгө мажбурмун. Атамбаев Форумдун алдында чыгып сүйлөдү жана үч жолу Жогорку Кеңешке катуу зарар келтирди.  Ага байланыштуу, мен жооп берүү тууралу чечим кабыл алдым. Мен анын сөздөрүндөгү жалааларды уккандан кийин, аябай таң калдым.

Ал айтып жатат, 2011-жылы качан ал бийликке келгенде, мугалимдердин, врачтардын жана милиционерлердин айлык акысы 2000 сом болгон, азыр болсо 15 миң сом.

Аталган мекемелерге суроо-талаптарды жөнөтүүнү чечтим. Бажы кызматынын офицерлери 2010-жылы 12 700 сом айлык алышкан экен, бүгүн алар -18 000 сом алышат. Билим берүү тармагындагылардын айлык акылары өстү, бирок, алардын стажы менен категорияларын алып салсак, өсүш болгону 15%га өскөн болот.

Милиционерлер  2010 - жылы 4 миң сом айлык акы алышкан, азыр болсо, 7 миң сом алышат. Демек, анын айткандары жалган.

2013-2016 - жылдары Асылбек Кожобеков УКМКнин Оштогу башкармалыгын жетектеген. Атамбаев, алардын бажы кызматы боюнча маалыматтарды берген эмес деп айтты. Урматтуу депутаттар, ойлоп көрүңүздөр, качан облустун жетекчилери президентке түз келип жүрдү эле. Демек, ага маалыматтардын жетпей калышына жалгыз Абдил Сегизбаев күнөлүү.

УКМКнын КККнын жетекчилери да алар тарабынан кызматка коюлган адамдар болчу.

Ал дайыма өзүн мультимиллионер деп эсептейт, эгер андай болсо, 2010-жылы шайлоого катышуу үчүн 700-800 миң долларды карызга алат беле.

Андан кийин да, президенттик шайлоого катышуу үчүн, өзүбүздүн кесиптешибизден 500 миң долларды карызга алган.

Дайыма айтат, Кыргызстандын президенти Вольво минип жүргөндө, мен Россияга китеп ташып, Мерседесте жүрчүмүн деп.

Биз, бул маалыматты текшерип көрдүк. Туура, ал китеп чыгарып, Россияга ташыган экен, бирок, кийин рейдерлик менен ээлеп алууда байкалып калган. Кийинчерээк, завод таптакыр эле жабылып калган.

Андагы байлык 2010-жылы гана пайда боло баштаган. Ал миллиондорунун Түркияда экендигин айтат. А эмнеге ал, банктан көчүрмөлөрүн бизге көрсөтө албайт?

Атамбаев, Кубанычбек Кулматовду жана  Сапар Исаковду бир күндө камакка алышкан  деп айтып жатат. Бул маалымат, баарыга маалым болгондой, чындыкка дал келбейт.

Мен анын бир гана айтканына макулмун - Кыргызстан колхоз эмес жана жарандар кой эмес. Адамдар анын жалган сөздөрүнө ишенишпейт.

Анын президент жана премьер - министр болуп турганда өлкөбүзгө кандай зыян кетиргендерине бир аз токтолгум келип турат.  

Атамбаев өкмөт башчы болуп турганда Россиянын жарандарына пистолеттерди белек кылган. Албетте, бизде КР жарандарына, көрүнүктүү сиңирген эмгектери үчүн белек кылса болот. Бирок, алардын арасында кээ бир Кыргызстанга келбеген адамдар да бар.

Ал дача курган жер, мыйзамсыз ээленип алынган. Ошол эле учурда, ЭКККМК анын үйлөрүн, мыйзамсыз байыган учурларын текшерип көрсө болот эле. Ал эми, жер тилкелери жана банктагы эсептери өзү түзгөн декларациясы менен дал келбейт.

Батукаевдин бошотулушу.   Ошол убакта мен дагы жумушчу топтун мүчөсү болчумун, УКМКнын башчысы Болот Жунусовду чакырып алдым жана бир канча ыңгайсыз суроолорду бердим. Ал болсо, өз кезегинде Атамбаевге чуркап барган жана андан кийин биздин мурдагы президент менен жолугушуу болуп өткөн, ошондон кийин, мага Батукаевдин бошотулушунун артында так Атамбаев тургандыгы түшүнүктүү болду.  

Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековду тандап ката кетирдим деп айтат. Ооба, мен аны менен макулмун. Ал ката кетирди. Ал Жээнбековдун жардамы менен мамлекетти башкаргысы келди, бирок, Сооронбай Шарипович элдин кызыкчылыгын Атамбаевдин кызыкчылыгнан жогору койду», -деди Исаев.

Зулайка Эркимбаева

Фото www .





Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх