ЖК 40 депутаты Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу жөнүндө документке кол коюшту
Мурдагы президенттин тагдырын чече турган маселени парламентарийлер түшкү тамактан кийин талкууламай болушту
Жогорку Кеңештин депутаттары төрага Дастан Жумакбековдон Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик кол тийбестигинен ажыратуу маселесин талкууга коюуну суранышты. Бул тууралу парламенттин пленардык жыйынында депутат Канатбек Исаев билдирген.
Ал мындай расмий документке 40 депутат кол койгондугун белгилеген. Исаев Жумабековдон аталган маселени ЖК профилдик комитетине жөнөтүүнү суранып кайрылган.
Төрага кесиптешине, анын сунушун түшкү тамактан кийин талкуулайлы деп жооп берди.
Эске салсак, мурдараак Vesti.kg сайтынан, мурдагы президенттин сүйлөгөн сөздөрүнөн кийин, парламент«чимкирик» болуп калганына депутаттардын ачуулары келгендигин беришкен. Парламентте анын айткандарына баа берүү үчүн Башкы прокуратурага тапшыруу чакырыктары айтылган.
Фото www