­
Депутат Улугбек Ормонов «кадимки» айлык акы 200 же 300 миң сом болушу керек деп ойлойт - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Улугбек Ормонов «кадимки» айлык акы 200 же 300 миң сом болушу керек деп ойлойт

Эсеп палатасынын төрагасы анын мекемесиндеги кызматкерлер канча айлык акы аларынан кабар берди

Эсеп палатасынын төрагасынын парламент алдында берип жаткан отчетунун жүрүшүндө, депутат Улугбек  Ормонов аталган мекемеде иштеп жаткан кызматкерлердин канча айлык акы ала тургандыктарына кызыкты.

- Миллион сомдук финансылык тартип бузууларды таап жаткан адамдын түрдүү азыгырыктардан качуусу үчүн, жакшы маянасы болушу керек, - деди ал Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Мариповго.  - Мына, сиз айтсаңыз, канча айлык акы аласыз? Элдер билишсин.

Ага жооп кылып, Марипов башка мамлекеттик органдарга салыштырганга караганда, КР ЭПсында айлык акы жогору деп жооп берди.

- Төрага 26 миң сом алат, ал эми инспекторлор орточо 18 миң сом,  - деди ал. - Андан тышкары, стажга жана чинге кошумчалар төлөнөт. Дагы, бизде фондубуз бар, ага табылган тартип бузуулардан түшкөн пайыздар түшөт. Андан биз, жакшы иштегендерге сыйлык катары төлөп беребиз.

Ал арада Ормонов, Эсеп палатасынын төрагасынын өз мекемесинде жакшы айлык акылар төлөнөт дегенине таң калды.

- Ушул акчалар жетиштүү деп ойлойсузбу? Эгер 200 миң же 300 миң болсо, анда башкача сөз болмок, -деп жыйынтыктады ал.

Тактап айтсак, бүгун депутаттар Эсеп палатасынын отчетун угуп жатышат.

Вероника Малышева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх