Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Наркотикалык соода жүргүзүү жана контрабанда менен күрөшүү үчүн ШКУнун бирдиктүү органынын пайдасы жок»

Мунун себеби – уюмдун мүчөлөрү - катышуучуларынын саясий системасынын жана мыйзамдарынын ортосундагы өтө чоң айырмачылыктар

Шанхай Кызматташтык Уюмунда экономикалык кылмыштар менен күрөшүү үчүн эффективдүү бирдиктүү органды түзүү мүмкүн эмес. Сооронбай Жээнбековдун мындай идеясы тууралу пикирин УКМКнын экономикалык коопсуздук башкармалыгынын мурдагы башчысы, көз карандысыз эксперт Максат Мамытканов билдирди.

- Бул деген жөн эле сунуш, ойду сыртка чыгаруу, -деди ал Vesti.kg сайтына. - А чындыгында болсо, мындай мүмкүн эмес. Ар бир өлкөдө өздөрүнүн кылмыш жана соттук мыйзамдары бар. Мисалга, бизде Кылмыш жана башка кодекстерди либерализациялагандан кийин, көптөгөн кылмыштарды коңшу өлкөлөрдүкүнө, өзгөчө Кытайдыкына караганда, анчалык оор эмес жаза катары таанышат. Мыйзамдарды бирдей абалга келтирүү мүмкүн эмес, ошондуктан бирдиктүү органды түзүү пайдасыз.  

Бирок, бул башкы тооскоолдук эмес, - деп эсептейт мурдагы чекист. Эң эле маанилүүсү - ШКУнун катышуучулары - өлкөрүнүн саясий системаларынын айырмачылыктары. Биздин системаны - парламенттик демократия, ал эми башкалардыкын болсо - башка иш, - деп аныктады Мамытканов : өзгөчө катуу линия, бул президенттик башкаруу, ал эми КЭРде, бийлик, жалпысынан Коммунистик партияга таандык.  

- Кыргызстанды ким башкарат? - деп суроо коет эксперт. - Бир канча жылдан кийин алмаштырылып турган депутаттары менен Жогорку Кеңешпи. Андан да, аны менен ар бир жолу өлкөбүздөгү турмуштун вектору кардиналдуу өзгөртүүгө дуушарланат. Алардагы саясий система менен аныкталган кыймылдагы биздин коңшулардан, биз ошонусу менен айырмаланабыз. Бизде керек болсо, Конституциянын кепилдиги ким экендиги да аныкталган эмес: парламентпи, президентпи, Конституциялык палатабы?

Мамытканов, булар уюмдун башка мүчөлөрү үчүн кошумча ыңгайсыздыкты жаратарына жана айтылган идеяны ишке ашырууга жол бербей тургандыгына ишенет.

Эске салсак, 14 июнда ШКУнун саммитинин кеңейтилген жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча,  «эреже катары, алар трансулуттук мүнөздө болгондугунан», уюмдун бирдиктүү органын түзүү демилгесин айтып сөз сүйлөгөн.

«Булар наркотикалык соода жүргүзүү, контрабанда, кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди ачыкка чыгаруу сыяктуулар менен тызыз байланышкан, - деди ал.  - Жыйынтыктап айтканда, алар мамлекеттин коопсуздугу үчүн коркунуч келтиришет.

Ольга Федорчук

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх