Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жээнбеков өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты

Президент Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарды мактап өттү

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты.

Өкмөттүн аппарат жетекчиси Самат Кылжыев, экономика министри Санжар Муканбетов, айыл-чарба, тамак-аш өнөр  жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев жана маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоевдер ант беришти.  

Мамлекет башчысы өкмөттүн жаңы мүчөлөрүн алардын турмушундагы өзгөчө күн болгон - ант берүү күнү менен куттуктады, - жана ант берүү - бул абийиринин алдында, элдин жана мыйзамдын алдында чоң жоопкерчилик, - деп белгиледи. Ал аларды өздөрүнүн антына бекем болушун жана чын дилдеринен иштешин, бул күндү эч качан эстен чыгарбашка чакырды жана аларга ийгиликтерди каалады.

Андан тышкары, президент, ШКУнун саммити, КЭРнын төрагасынын мамлекеттик сапары, Монголия менен Индиянын жетекчилеринин расмий сапарлары сыяктуу Кыргызстанда болуп өткөн маанилүү эл аралык иш чараларды өткөрүп алгандан кийин,  депутаттар менен жолугуп жаткандыгын белгилеп өттү.

«Алардын бул сапарлары Кыргызстан үчүн өтө жогорку саясий жана экономикалык мааниге ээ. Бул иш-чаралар Кыргызстандын абройун эл аралык аренада өсүшүнө өбөлгө болду. Дүйнөгө биздин элдин биримдигин, кадыр - баркын жана патриоттуулугун дагы бир жолу даңазалады. Бул иш - чаралардын уюшкандыкта өтүшүнө Жогорку Кеңештин депутаттарынын салымы да өтө жогору. Ушундан пайдаланып, сиздерге терең ыраазычылыгымды билдиремин», - деп баса белгиледи Жээнбеков.

Ал, ошондой эле депутаттардын жакында каникулга чыгышарын, шайлоочулар менен кездешерин белгилеп, аларга жемиштүү жолугушууларды, ал эми Кыргызстанга болсо, тынчтыкты жана ынтымактуулукту каалады.

Президенттин аппаратынын

маалыматтык саясат бөлүмү

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх