Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бакетаев: Эгер мага Матраимовдор төлөп беришкенде, бардыгы мындан да фундаменталдуу болмок

«Раим-миллионду» колдогондугуна акча төлөгөндүгү үчүн айыптоолорго эксперттер жооп беришти  

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун эксперттерге колдоосу үчүн акы төлөп бергендиги тууралу божомолдор чындыкка жатпайт. Бул тууралу, Vesti.kg сайтына чаясат таануучулар өздөрү кабарлашты.

- Мен анын жүзүн көзмө-көз эч качан көргөн эмесмин жана эч бир жолу кол алышып көрүшкөн да эмесмин, - деп ишендирет саясат таануучу жана философ Бакыт Бакетаев Vesti.kg сайты менен болгон сүйлөшүүдө. - Мен «Пикир» клубунун мүчөсү болгондугумдан, андагы тегерек столго катышканмын.

Бакетаев, паракорчулук менен системдүү түрдө күрөш жүргүзүү керек, - деп айтканынан кайтпайт.  Ошондуктан, Матраимовдун мүлкүнүн келип чыгышын текшерүүгө каршы эмес. Бирок, «Азаттыктын» иликтөөлөрүндө бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарынын Кыргызстандан 700 миллион долларды жана алтындарды алып чыгып кеткенинен шектенген журналист Элнура Алканованын күмөн санаганы, айыптарды ачкан материалдын авторунун  келтирген далилдерине караганда, кыйла ишенич жаратат деп билдирди ал.

- Бул жанагы 600 доллардык аттиш сыяктуу, - деди ал. - Алар, мындай караганда жок нерсе, а элде айтылып жатат. Элдерге, бул учурда да кулактарына илмек илип жатышат. Көрүнүп турат, журналист фактыларды шашылыш берген, Матраимов менен 700 миң доллардын ортосунда кандай байланыш бар? Менимче, олуттуураак иштеш керек эле.

Ал «буюртма болмоюнча, эчтеке болбойт» деп айткандай, Раимбек Матраимовдун дарегине карата коюлган айыптоолор да - андан өзгөчө эмес. Андыктан, эгер аны ууру деп атаса, ал өзүн коргогонго акылуу, -деп кошумчалады саясат таануучу

- Менин айткан сөздөрүм үчүн бир тыйын да төлөшкөн жок, - деп кайталады Бакетаев. - Эгер төлөп беришкенде, бардыгы дагы да фундаменталдуу болмок. Мен аны коргогон жокмун да - мен жөн эле Алканованын айткандары ишенимдүүрөөк болду деп айттым.

Белгилүү саясат таануучу Марс Сариев кыска цитаталарды окубастан, толук видеону көрүп туруп, андан соң, анын калыстыгынын деңгээлин баалоого чакырды.

 - Мен тегерек столдо мунун бардыгына, укук коргоо органдары бул маселе боюнча чекит коюшу керек деп айтканмын, болбосо, Матраимовдо күнөө барбы, жокпу деп жоромолдой беребиз, - деп айтты эксперт Vesti.kg сайтына. - Ошол эле учурда менин божомолумда, мында тыштан оюнчулар да бардай көрүнүп жатат, себеби, иликтөөнүн автору Али Токтакунов Прагада 6 жыл жашаган жана, андан дагы,  бир канча себептер менен бул жерде пайда боло калганы түшүнүксүз болуп жатат.

Сариев тегерек столдогу жалпы тоналдуулук өтө эле жумшак болгондугун, канча жолу соттун чечими жок, кылмышы жоктугун эстедик деп айтты. Ага карабай, бул жолугушуунун катышуучулары түркүн пикирлерин айтышты, -деп кошумчалады ал.

- Мен эч кимди калкалаганым жок, - деп баса белгиледи эксперт. - эгер мени Матраимов сатып алган болсо, мен укук коргоо органдары тезинен мүмкүн болушунча териштириши керек деп айта алмакмынбы? Бул логикага туура келбейт да.

Эске салсак, 18 июнда Бишкекте «Коррупция саясаттын көз ирмеминде» деген темада тегерек стол уюштурулган. Эксперттер Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу «Азаттык» радиосунун журналистик иликтөөсүн талкуулашкан.

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев бул иликтөө - саясий буюртма деген өз жоромолун айтты.

«Мурдараак,  «Азаттык» Лондондогу Максим Бакиевдин үйү боюнча иликтөөсүн жарыялаган, анда баары так жана түшүнүктүү болгон, -деди ал. - Матраимов боюнча иликтөөлөрдө материал толук иштелбеген жана маалыматтын ыргытылып салынганын сезесиң. Ушундай сезим пайда болот экен, сени ошол адамды күнөөлү кылып көрсөтүү үчүн, чоң суммадагы акчалар менен көңүлүндү буруп койгондой. А, күнөөсү далилдене элек болсо, кайдагы айыптоо?»

Ошондой эле эксперт, «Раим-миллиондун» спорттук мелдештерди өткөрүп жаткандыгын, адамдарга түрдүү жардамдарды көрсөтүү менен мектептерди куруп жаткандыгын да эске салып өттү.

Марс Сариев,  «Раим Матраимовдун феноменин жагуу» көптөгөн глобалдуу жана ички оюнчуларга саясий жактан өтө керектүү экендигин да белгиледи.

Анын пикири боюнча, иликтөөлөрдү жарыялоо ШКУнун саммити, КЭРнын төрагасы Си Циньпиндин Кыргызстанга сапары жана жолугушууда катышуучулар арасындагы көптөгөн келишимдерге кол коюлушу менен туш келиши да көп ойлорго түрткөнгө мажбурлайт.  

«Журналистер, качан силер ушундай куурулган материалдарды бергениңерде, силер дайыма кээ бир саясий күчтөрдүн оюу менен алардын фигуралары болосуңар, - деди ал. - Токтакунов Матраимов тууралу чындыкты издеп жатканда, ал сөзсуз кайсы бир күчтөрдүн тегирменине аргасыздан суу куюп жатат, Алканова анын иликтөөлөрүндөгү келишпестиктерди табуу менен - кесипкөйлүк жагынан алып караганда өтө туура иштерди жасап жатат - арга жоктон башка тарапка ойнойт».

Эксперт Шерадил Бактыгулов да Раим Матраимовдун айланасындагы териштирүүлөр Кыргызстанда абалды курчутуу үчүн керек болуп жаткандыгына ишенип тургандыгын билдирди.

«Раимбек Матраимовдун жеке өзүнө түрдүү карасак болот, бирок так айтсам, азыр түндүк -түштүккө бөлүүгө максаттуу аракеттер болуп жатат, - деп түшүндүрдү ал. - Буга жол бербеш керек. Ошол, азыркы учурдагы маалыматтык таштандылар, кландар арасында жарака кетирип жатышат.

Көптөгөн журналистер менен коомчулуктун өкүлдөрү саясат таануучулардын билдирүүлөрүн убайымдуу белгилүү болгон «Раим-миллионду» колдоо катары кабыл алышты. Алар белгилүү эксперттерди сатып алышкан деп ойлошууда.

«Азаттык» радиосу Баткендеги кыргыз - кытай базарынын ээси болгон «Абдыраз» фирмасынын Кыргызстандан 700 миллион доллар жана алтынды чыгарып кеткендиги жөнүндө журналист Али Токтакуновдун иликтөөлөрүн жарыялаган. Жөнөткөндөрдүн бири болгон Айэркин Саимаити кийнчерээк Түркиядан Матраимовдордун «Исмаил Ата»  фондунун эсебине 2 миллион 338 миң 700 доллар которгон.

Акчанын калган бөлүгүн «Тарим Транс» жүк ташуу боюнча компаниянын негиздөөчүсү - Xinjiang Abu-Sahiy import and export trade - деген кытай компаниясынын эсебине которушкан. А Матраимовдордун үй-бүлөсү «Тарим Транс» компаниясын калкалашат.

Журналист Эльнура Алканова иликтөөнүн сапатынан шектенип, жарыяланган документтердин арасынан кээ бирлери жасалма экендигин көрсөткөн.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ошол учурда, ЖМКнын кызматкерлери айтышкан фактылардын үстүнөн текшерүүнү жүргүзүүнү тапшырган.

Ольга Федорчук

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх