Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Атамбаев жана анын тарапташтары эртең митинг учурунда кармалышы мүмкүн»

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кой - Ташта жакындагы өзүнүн мурдагы президент менен болгон аңгемелешүүсү тууралу айтып берди 

Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков мыйзамсыз президенттик шайлоону өткөргөндүктөрү үчүн кыргызстандыктардын алдында кечирим сурашы керек. Бул тууралу  Vesti.kg сайты менен болгон аңгемелешүүдө «Шайлоочулар Ассоциациясынын» башчысы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бакыт Керимбеков билдирди. 

- 26-июнда мен Кой - Ташка келип, Атамбаев менен жолуктум, - деп түшүндүрө баштады Бакыт Макенович.  - Ошондо мен ага айттым, алар экөө тең эл алдында кечирим сурашы керек жана мыйзамсыз аракеттерин моюнга алышы керек. Ошондой эле мен мурдагы президентке шайлоонун легитимсиз деп атаганга толук  негиздер бар дедим. Алмазбек Шаршенович өз кезегинде аны билемин, бирок, бош эместигин шылтоолоп, мени уккандан баш тартты.  

Мурдагы парламентарий кыргызстандыктарга татыктуу мамлекет башчысын шайлап алганга мүмкүнчүлүк беришпеди деп эсептейт. 

- Атамбаев өзү үндөп жүрдү, - деп белгиледи Керимбеков. - Эч бир өлкөдө мамлекет башчысынын талапкеринин пиар - компаниясында иштеп жаткан президент катышкан эмес. Алмазбек Шаршенович, элге бул талапкер жакшы, тигиниси начар деп айткан. Бул шайлоо болгон эмес. Бизге шайлаганга мүмкүндүк беришпеди. Биз болгону Жээнбеков үчүн  «колдоп добуш бердик». 

Өткөн президенттик шайлоонун мыйзамсыздыгы, Бакыт Керимбековдун пикири боюнча, Өмүрбек Бабановдун ага катышкандыгы.

- Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоого катышууга укугу жок болчу, себеби, ал Казакстандын жараны болгон, - дейт мурдагы депутат айтканан кайтпай. - Соттун токтому бар, ал жерде Бабановго кыргыз паспорту мыйзамсыз берилген деп жазылган.  

Керимбеков, эртеңки тынчтык митингинде Атамбаев жана тарапташтары кармалышы мүмкүн, - деп кошумчалады. 

- Бишкектин алдында, аларды кубалап таркататышат, камакка алышат жана «Бийликти кулатууга аракетенүү» деген берене коюшат, - деп жыйынтыктады ал. 

Эске салсак, 3 - июлда  Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары Бишкекте «Медиафорум» имаратынын алдында тынчтык митингин өткөрөбүз деп ниеттенип жатышат. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www 



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх