Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Бабанов, Канатбек Исаев жана Төрөбай Зулпукаров Москвада байкалыштыбы? (фото)

Сүрөттө көрүнгөн Жогорку Кеңештин депутаттарынын бири, үй камагында болгон

Жакында социалдык түйүндөрдө Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Бабанов, Канатбек Исаев жана Төрөбай Зулпукаровдор биргеликте түшкөн сүрөт таратылды. Канатбек Исаев үй камагында болгон.  Андан тышкары, дагы бир сүрөттөрдө мурдагы президентикке талапкер Өмүрбек Бабанов да бар. 

 Эл өкүлдөрүнүн сүрөттөрү, сүрөткө кокусунан түшүп калган  мекеменин кызматкеринин бейджигине ылайык, Москвадагы Кутузов проспектисинде 2/1 имаратта жайгашкан (Украина мейманканасы) «Buono» ресторанынан тартылган.

Төрөбай Зулпукаров түшкөн башка бир сүрөттөн да Москвадагы Кутузов проспектинен ал сүрөттүн тартылгандыгы көрүнүп турат. 

Андан кийинки сүрөттө жаш жигит мурдагы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун жанында туруп түшкөн  сүрөт. Болжолубузда, алар «Украина» мейманканасына аркасын салып турушат. 

Vesti.kg сайты көрсөтүлгөн сүрөттөр чындыгында эле Россиянын борборунда тартылганбы. текшерип көрүүнү чечти. Төмөндө Google mapsстын скриншоттору сунушталган. Google mapsстын маалыматтарына ылайык, көрсөтүлгөн сүрөттөр чындыгында «Украина» мейманканасы жайгашкан Кутузов проспектинде, Москвадан тартылган. 

Ал арада  Vesti.kg сайты эл өкүлү Канатбек Исаевдин уулу менен байланышып, аталган маселе боюнча комментарий беришин өтүнгөн. Ал бул тууралу комментарий берүүдөн баш тартып, атасынын жардамчысына кайрылуубузду сунуштады. Бирок, жардамчы менен байланышуу мүмкүн болбоду. 

Андан тышкары, Vesti.kg сайты депутат Төрөбай Зулпукаров менен байланышууга аракет жасады. Биз бул макланы жарыялап жатканда анын телефону өчүк болуп турду. 

 Алина Ормонова 

Фото www



 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх