Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бабановдун эжеси Атамбаевдин штабындагы алардын «тууганы» тууралу бардыгын айтты (видео) 

Бакен Бабанова өзүнүн видеокайрылуусунда бирөөнүн атына жамынган адамдын алардан кечирим сурашын талап кылды 

Кыргызстандын президенттигине мурдагы талапкер Өмүрбек Бабановдун бир тууган эжеси - Бакен Бабанова - алардын таэжеси Алмазбек Атамбаевдин штабына кошулгандыгы тууралу маалыматты четке какты. 

Бакен Токтогуловна Сурия Кадырова деген адам Бабановдордун үй-бүлөсүнөн алардын фамилиясына жамынып алганыгы үчүн кечирим сурашы керек дейт.

«Бул аялды биз эч качан көргөн эмеспиз жана анын бизге туугандык жакындыгы жок. Эмне үчүн анын Өмүрбектин таэжеси боломун деп билдиргенин биз түшүнгөн жокпуз. Мен жакында аны менен байланышканга аракет кыламын. Андан биздин фамилиябызга жамынып алып, туура эмес иштер менен алектенип жаткандыгы үчүн кечирим сурашын талап кылабыз», - деп айтты ал.  

Белгилүү болгондой, Өмүрбек Бабановдун эки таэжеси бар - бири азыркы учурда Түркияда, а экинчиси - Таласта. 

Фото www 



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх