Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сариев: АКШнын Мамдепартаментинин Кой-Ташка баруудан карманыш керек дегени кадимки эле практикага окшош

Америкалык дипломаттар Атамбаевдин катышуусу менен боло турган митинг   тартип бузуулар менен коштолушу мүмкүн дешип чочулашууда 

Мамлекетик департаменттин АКШнын жарандарын Кой-Таш айылына жана ага жакын айылдарга барбай турушун суранганы мындай учурлардагы кадимки практикага окшошуп кетет. Ушундай пикири менен Vesti.kg сайтына мурдагы дипломат, саясат таануучу Марс Сариев бөлүштү. 

- Эреже катары, кандайдыр бир туруксуздугу бар өкөлөрдө, элчиликтер өздөрүнүн жарандарын мүмкүн боло турган коркунучтар тууралу эскертишет, - деп түшүндүрдү ал. - Таң калыштуу, Мамдептин  бул эскертүүнү азыр жасап жаткандыгы, болбосо, абал бир жума мурда курчуй баштаган. Мүмкүн, 3-июлда боло турган Атамбаев башында турган митингде бир нерселер болуп кетет деп кооптонушкандыр. 

Түшүндүрсөк, АКШнын Мамлекеттик департаменти өз өлкөсүнүн жарандарына кайрылуу таркатты, анда Кой - Таш айылына жана ага жакын жайгашкан айылдарга баруудан баш тартууну суранышкан. Маалымат АКШнын КР элчилигин сайтына жайгаштырылган.

«Жергиликтүү маалымат каражаттарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн жанында адамдардын топтолуп жаткандыгын жазып жатышат, - деп билдирүүдө белгиленет. -Кыргызстандын парламентинде өткөн жумада мурдагы президенттен кол тийбестиктин алынып салынышы жана ага айыптардын тагылышы жарандардын арасында тартип бузууларга алып келиши мүмкүн».

Мамдеп дипломаттарына Кой-Ташка барууга такыр тыюу салган. 

Вероника Малышева

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх