Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Икрамжан Илмияновдун иши Башкы прокуратурага жөнөтүлдү

Президенттин мурдагы кеңешчисине байланыштуу айыптоо актылары бекитилгенден кийин сотко өткөрүлөт 

УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Икрамжан Илмияновдун алдамчылык жолу менен 150 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражаттарына мыйзамсыз ээ болгондугу тууралу факты боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аягына чыкты.  

 Иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча 2019-жылдын 10-июнунда Илмиянов КР КК 204-беренесинин 3-бөлүгүндө (өзгөчө чоң көлөмдөгү алдамчылык) каралган кылмышка шектүү катары кабарландырылган, андан кийин шектүүгө тергөөнүн аягына чыккандыгы жарыя кылынган. 

 Азыркы учурда Илмияновго карата козголгон кылмыш ишинин материалдары айыптоо актысын бекитүү жана ишти сотко өткөрүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. 

 УКМКнын маалымат борбору 

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх