Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түлеев: Миңдеген адамдар жана жүздөй атчандар Атамбаевдин үйүн карай аттанууга даяр

Бирок, мурдагы мэр элдик штабдын жүрүшү качан боло тургандыгын али билбейт 

Бишкектен Кой - Таш айылындагы Атамбаевдин резиденциясына карай тынчтык жүрүшү 80-100 атчандардын тобу менен коштолот. Бул тууралу Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев Facebook социалдык түйүнүнөн билдирди. 

Мурдагы шаар башчысынын айтымында, алар уюштурган элдик штабга жүрүшкө катышууну каалаган миңдеген адамдар кайрылышкан.

«Бүгүнкү күнгө миң адам кайрылды, жүздөгөн телефон чалуулар болуп жатат, биз элдин мындай агымына даяр эмес элек, жана азыр координациялоого аракет кылып жатабыз. Атамбаевдин үйүнө барып, Атамбаевдин мыйзамды сакташын жана алар тарабынан абалды курчутпаш үчүн чакырык таштоого даяр миңдеген, миңдеген адамдар болууда. Анын аркеттеринин аркасында чет элдик ММКлар  жана АКШнын мамдепартаменти туристер үчүн эскертүү берип жатышат. Ал өз аракеттери менен миңдеген жана миңдеген адамдардын кыжырдануусун жаратууда. Өз кызыкчылыктары үчүн өлкөбүздү пайдасыз кылып көрсөткөнгө да даяр. Мен ага карата мынчалык жалпы жек көрүүнү күткөн эмесмин, бирок, бул факт. Азыркы учурда тизме түзүп баштайбыз, жүрүштө жоготуулардын болбошу үчүн он, жүз, миң башылар дайындалат, бирок, каалоочулардын көптүгүнө байланыштуу ишибиз эми гана тартипке келүүдө. Провокациядан сактанышта, коопсуздукту сактоо үчүн өзүнчө, атчандардын тобу түзүлүүдө, азырынча алардын саны 80-100 атчан адамдар жана дагы кошулат деп сөз беришүүдө», - деп жазган Түлеев. (автордун орфографиясы менен пунктуациясы ушул жерде жана мындан ары сакталган, - ред. эск.) 

Түлеевдин айтымында, тынчтык жүрүшүн өткөрүү күнү азырынча так белгилене элек. 

 «Ошондой эле тынчтык жүрүшүн өткөрүү күнү ачык бойдон калууда, албетте, жүрүш басып өтө турган муниципалитеттер менен тийиштүү макулдашуулар керек. Бул маселелерге бардык уюштуруу суроолору чечилгенден кийин гана кайрылабыз. Эң маанилүү маселелердин бири - жүрүштүн коопсуздугу, ошол жердеги айылдарда жашаган кээ бир балдардын айтымында, толкундоолорду чыгаруу үчүн Атамбаев провокацияга даярданып жатыптыр. Бирок, бул көйгөйдү чечебиз, кээ бир ардагерлер бирикмелери менен коопсуздук максатында алардын катышуусу тууралу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.  Элдин ушунчалык күчтүү пикири мыйзам ченемдүү көрүнүш, себеби, бир дагы саясатчынын өзүнүн кызыкчылыктарын мамлекет менен элдин кызыкчылыгынан жогору койгонго акысы жок», - деп сөзүн жыйынтыктады мурдагы мэр.

Ал арада Бишкек мэриясынан жүздөгөн атчандардын жүрүшкө катышуусуна мыйзам жол береби дегенибизге жооп бере алышкан жок. 

Муниципалитеттин аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев Vesti.kg сайтына, бул маселени укук коргоо органдары менен биргеликте чечебиз деп түшүндүрдү. 

- Мурдараак шаар мэри Азиз Суракматов шаар тургундарына митингдер эмес, туруктуулук керек деп билдирүү жасаган, - деп белгиледи ал. - Ал эми атчандар тууралу болсо - ИИББ менен эмне кылышты чечебиз. бирок, мен дагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана мурдагы шаар башчысы Нариман Түлеевге кайрылат элем. Жарандарга тынчтык керек, курорттук мезгил башталды. Бардык толкундоолор экономикабызга тескери таасирин тийгизет.  

Зулайка Эркимбаева

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх