Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Матраимовдун мүлкүн текшерүүнүн жыйынтыктарын өткөн жумада жарыялоого сөз беришкен. ЭКККМК кайра эле унчукпайт 

Эмне үчүн резонанстуу маселе узаргандан узарууда, «Финполициядан» жооп бере элек  

ЭКККМКнын (Финполиция) төрагасы Бакир Таиров 21-июнда «Азаттык» МА берген интервьюсунда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүүгө байланыштуу иликтөөлөр үчүн тажрыйбалуу кызматкерлердин тобу түзүлгөн деп айткан. «Финполдун» жетекчиси тергөөнүн мөөнөтүнүн сакталышы керектигин да белгилеген. Андан тышкары, Таиров аталган маселе ал үчүн өтө принципиалдуу экендигин айткан.  

«Келерки жумада, ойлоймун, жыйынтыгын жарыялайбыз», - деп болжолдогон эки жума мурун Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматынын төрагасы.

 Буга байланыштуу Vesti.kg сайты ЭКККМКнын маалымат кызматына Бакир Таировдун билдирүүсүнө ылайык, биз иликтөөнүн жыйынтыгын өткөн жумада алууну күткөн болчубуз, эми Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү акыры жыйынтыкталдыбы деп тактоо үчүн кайрылганбыз.  

Бирок, «Финполдун» маалымат кызматынан маалыматты билген жетекчи бир жакка кеткендигинен, биздин бул сурообузга алар жооп бере алышкан жок.

Медина Купсулдаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх