Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевге али чакыруу жөнөтө элек

Мурдагы президенттин катышуусу менен мүмкүн жасалган кылмыш фактылары боюнча өндүрүш жүрүп жатат. Суракка али эч кимди чакырыша элек 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин катышкандыгы мүмкүн болгон кылмыштар боюнча эч кимди азырынча суракка чакырыша элек. Бул тууралу Vesti.kg сайтына Башкы прокуратурадан кабарлашты. 

- Аталган фактылар боюнча өндүрүш жүргүзүлүүдө, азырынча эч кимге чакыруу жөнөтө элекпиз, - деп түшүндүрүштү башкы көзөмөл органындагылар. 

Эске салсак, мурдараак Vesti.kg сайтынан Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевден кол тийбестикти алып салды деп билдиришкен. Башкы прокуратура мурдагы президенттин катыштыгы мүмкүн болгон кылмыштын беш фактысы боюнча корутунду берген. Алардын ичинде: ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция, борбордук жылуулук электр борборуна көмүр жеткирүүдөгү компаниянын кызыкчылыктарын түртүү, кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу, ошондой эле жер тилкелерин мыйзамсыз сатып алуу. 

Вероника Малышева

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх