Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагаларына Атамбаев менен болгон абал боюнча кайрылуу жазуу идеясы кантип келди?

Бул тууралу эч ким алардан суранбагандыгына Зайнидин Курманов ишендирди 

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагаларынын Кыргызстан элине кайрылуусу  пландалган жана кимдир -бирөө тарабынан атайын даярдалган эмес эле. Бул тууралу мурдагы төрага Зайнидин Курманов Vesti.kg сайтына айтып берди.

- Мурдагы төрагалардын Кеңеши кыргызстанда 2010-жылдан бери бар, - деп эске салды ал. - Чындык, ал түзүлгөндөн бери эки эле жыйын өттү, себеби, Алмазбек Атамбаевге бул өтө жаккан. Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайлангандан кийин, биз ишибизди кайрадан баштадык. Эми биз, ар айдын үчүнчү күнүндө жолугушуп турабыз. 

Зайнидин Карпекович, парламенттин төрагаларынын аяккы жолугушуусу 3-июнда өткөндүгүн белгиледи. 

- Ал бир ай мурда пландалган болчу, күн тартиби да бекиген эле, - деди ал. - Ушундай болуп калды, дал ошол күнү Атамбаев митингге чыгып, биз аталган маселе боюнча өз оюбузду айта албай калдык. Түрдүү пикирлер болду, бирок, баары бир ойго келишти - түзүлгөн абал өлкөбүз үчүн коркунучтуу. Дагы бир псевдореволюцияга жол бербешибиз керек. Бул жолу бардыгы Сириядагыдай согуш менен бүтүшү мүмкүн эле. 

Курманов алардан эч ким ачык кайрылуу жазууну суранбагандыгын кошумчалады. 

 - Бул коллегиалдуу чечим болду, жана биз кайрылуунун үстүнөн баарыбыз иштедик, - деп ишендирди ал. - Бирок, мунун баары учурдагы президентти толук колдойт же мурдагы президентке каршы дегендик эмес. Бул болгону учурдагы окуяларга болгон реакция, себеби, биздин ар бирибиз көптөгөн жылдардан бери саясаттабыз - ар бир төрага топтогон тажрыйбасын бөлүшкөнү туура болот. 

Эске салсак, мурдараак Vesti.kg Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары ЖМКларга өлкөдө түзүлгөн азыркы абал тууралу ачык билдирүү таркатышкандыгын кабарлаган. Алардын ичинде Медеткан Шеримкулов, Алмамбет Матураимов, Мукар Чолпонбаев, Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев, Муратбек Мукашев, Марат Султанов, Айтибай Тагаев, Зайнидин Курманов, Исхак Масалиев жана Ахматбек Келдибековдор бар. 

Вероника Малышева

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх