Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мурат Суталиновдун аялы: Химиотерапия эми жардам бербей калды, операцияга даярданып жатабыз 

Врачтардын айтымында, УКМКнын мурдагы төрагасында шишиктен тышкары, боорунун 60% алып салуу керек 

Мурат Суталиновго шишикти жана боорунун 60% алып салуу боюнча  операция жасалышы керектелет. Бул тууралу Vesti.kg сайтына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин камактан бошогон мурдагы төрагасынын аялы Гүлнара Суталинова билдирди.   

- Операция жасатуу үчүн биз кээ бир текшерүүлөрдөн өттүк, - деди ал. - Врачтардын айтымында, алынып салынган бөйрөгүнун ордунда жаңы пайда болгон шишиктен тышкары, боордун 60 пайызын алып салуу керектелет. Аны эркиндикке чыгарууга аракет жасаган убакытта шишик кыйла кеңейип, жаңы метастаздар пайда болгон. Химиотерапия жардам бербей калды. Операцияга даярдануудабыз. 

Эске салсак, Мурат Суталинов 7-майда Бишкек шаардык сотунун чечими менен эркиндикке чыккан.  

УКМКнин мурдагы төрагасы 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар жөнүндөгү иш боюнча 20 жылга эркинен ажыратылган эле. 

Медина Купсулдаева

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх