ЖАМК: Аида Салянова №1 тергөө абагында дайындалган дарылоону убагында алууда
Азыркы учурда мурдагы башкы прокурордун жалпы абалы канаатандырарлык
Аида Салянова Бишкектеги №1 тергөө абагында керектүү текшерүү изилдөөлөрүнөн өткөн. 15-июнда врачтардын консилиуму ага Кардиология жана терапия Улуттук борборунда дарыланууну сунуштаган.
15 - июндан 29 - июнга чейин ал КжТУБнун жүрөктүн хроникалык жетишпестиги бөлүмүндө дарыланган.
Азыркы учурда Салянованын жалпы абалы салыштырмалуу канаатандырарлык. Ал №1 тергөө абагынын медициналык кызматкерлеринин үзгүлтүксүз байкоосунда болууда.
ЖАМКтын маалымат кызматы
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз