Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев: Матраимовдордун алардын фондуна кайрымдуулук кылган адамдар менен байланышы барбы, ЭКККМК жооп бербей жатат 

«Финполиция» ЖК депутатынан өтүнүч түшкөнбү тактап жатат 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Facebook социалдык түйүнүндөгү өзүнүн баракчасында Матраимовдорун үй-бүлөсү кантип  элдерди өздөрүнүн фондуна кайрымдуулук жасатышарына кызыккандыгын жазган. 

«2015 жылы, жарандарга жана билим берүү уюмдарына жардам көрсөтүү максатында мен Дастан Бекешовдун коомдук фондун түздүм, мындайча айтканда, жупуну гана өзүмдүн атымдан фонд түздүм. Фонд аркылуу Бөкөнбаев айылындагы мектеп үчүн интерактивдүү доскага акча топтодум. Акчаны социалдык түйүн аркылуу жарандарга кайрылуу менен топтодум. Тыйынына чейин эсептеп отчет бердим. Чет өлкөдө турнирге катышуусу үчүн бир кызга акча топтодум. Фонд аркылуу башка жарандарга да жардам көрсөттүк. Акча чогултуу оңойго турган жок. Мага азыр суроо болуп турганы, Матраимовдор кантип өздөрүнүн фондуна элдердин маңдай тери менен тапкан акчаларын кайрымдуулукка салдырышат? Эмне үчүн коомго өтө керектүү краудфандинг сыяктуу сырдуу нерсе жалпы массага жайылтылбайт? Жеке өзүм «Матраимовдор боюнча Краудфандинг» аттуу лекцияга сөзсүз бармакмын. Бардыгы эле барышмак, себеби, акча топтоо өтө татаал. Элдер бөйрөктү, боорду алмаштыруу үчүн, онкология менен ооруган адамдарга жардам дешип акча чогултушат. Акча чогултуунун уюштуруучулары түрдүү усулдарды колдонушат: концерттер, Президентке кат түрүндө кайрылуулар, интернет аркылуу каражат топтоо жана башкалар. А Русланбек Исмаилович, 2013-жылдын аягында фонд түзөт, ал фонддун түзүлгөндүгү жөнүндө кээ бир боорукер адамдар капысынан Матраимовдордун жакшы ойлору тууралу билип калышып, ал фондго биринен сала бири акча сала башташат. Аз эмес суммадагы акчалар. 2014-жылдан 2019-жылга чейин Фонд сом менен 100 миллион сом акча каражатын алган», - деп жазган депутат. (мындан ары автордун орфографиясы менен пунктуациясы сакталган - ред. эск.)

Аны менен бирге парламентарий, Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн алардын фондуна акча каражаттарын салышкан адамдар менен байланышы тууралу суроого жооп берүүдө жана аны текшерүүдө ЭКККМК баш тартууда деп белгиледи.

«ЭКККМК (финансылык полиция) Фонддун экономикалык ишмердүүлүк жүргүзбөгөнүн айтат, ошол эле учурда ЭКККМК Матраимовдордун үй-бүлөсү менен филантроптордун байланышы тууралу суроого - жооп берүүдөн жана аны текшерүүдөн баш тартууда: фонд тууралу кайрымдуулук көрсөткөндөр үй-бүлө менен таанышканда кайдан билишти, мындай көлөмдөгү акчаларды эмне үчүн которушту, кайрымдуулук кылгандардын Раим Матраимов менен экономикалык же башка бир байланыштары бар беле?  Финполицияга азырынча, бул акчалардын кандайдыр бир байланышсыз берилгенине коомчулукту ишендириши кыйын болууда. Ал эми Финполициянын кызматкерлери өздөрү да билишет, акчаны табууга ыйгарымдуу болгон чакта да, керек болсо, антикоррупциялык эсепти толтурууга жогорудан тапшырма берилген чакта да аны жасаш кыйын экендигин. Мына силерге материал, мына силерге ошол эле эсепти толтурганга акча. Канча мектепти курууга мүмкүн?», - деп ой жүгүртөт Дастан Бекешев. 

Vesti.kg сайты Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка кайрылганда, алар депутат Дастан Бекешовдон кайрылуу каты түшкөн бекен, такташаарын билдиришти. 

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх