Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда жер жөнүндөгү жаңы орган пайда болушу мүмкүн  

МККнын мурдагы башчысы Тайырбек Сарпашев бул демилгени колдойт 

Кыргызстанда жер маселелери боюнча алектенген бирдиктүү органдын түзүлүшү - жакшы демилге. Ушундай пикири менен мурдагы вице - премьер - министр, МККнын мурдагы башчысы Тайырбек Сарпашев Vesti.kg сайты менен бирге бөлүштү.

- Бул ой мурда деле айтылып келген, - деп белгиледи ал. - Эми аны турмушка ашыруу башталып жатса, ал жакшы. Мындай чечим жарандардын ыңгайлуулуктары үчүн гана эмес, ошол эле мамлекеттик органдар үчүн да жакшы шарттарды түзөт. Ошол эле учурда муну санариптештирүүнүн алкагында өткөргөн эң туура. 

Түшүндүрөбүз, Мамлекеттик каттоо кызматы жер боюнча бирдиктүү орган түзүүнү сунуштады. Бул тууралу пресс-конференцияда МККнын төрагасы Алмаз Мамбетов билдирди. 

Ал бул демилгени Сооронбай Жээнбековго да билдиргенин белгиледи. 

Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр системасын, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу «Кыргызгипрожер» жана Өнөр жай, энергетика жана жер байлыктарын иштетүү мамлекеттик комитетиндеги Мамкартографияны бириктирүү пландалып жатат. 

«Менин оюмча, мындай аракеттер маморгандар үчүн гана эмес, калкыбыз үчүн да  ыңгайлуу болот», - деди ал журналистерге. 

Вероника Малышева

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх