Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекке Казакстандын  премьер-министри Аскар Мамин келди

Аны Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алат. Сапардын жыйынтыгы менен  бир катар документтерге кол коюу каралып жатат

Казакстандын  премьер-министри   Аскар Мамин Кыргызстанга расмий сапар менен келди.  “Манас” эл аралык аэропортунда аны Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды. 

Аэропорттогу расмий тосуп алуу салтанатында Ардактуу аскер ротасы тизилип, оркестр эки өлкөнүн гимнин ойноду. 

Аскар Маминдин расмий сапарынын алкагында бир канча иш-чаралар болуп өтөт, анын ичинде кыргыз - казак Өкмөттөр аралык Кеңеши, ошондой эле  кеңири жана тар чөйрөдөгү эки тараптуу жолугушуулар болуп өтөт. 

Тараптар соода - экономикалык кызматташтык, суу - энергетикалык өнүктүрүү, өнөр - жай кооперациясындагы өз ара кызматташтык, маданий - гуманитардык байланыштарды бекемдөө маселелерин талкуулашат. 

Күн тартибинде соода - сатык, инвестиция, транспорт, маданият, туризм жана билим берүү маселелери да бар. 

Ошондой эле Аскар Маминди Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алат. 

Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюу күтүлөт. 

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык 

камсыздоо кызматы 

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх