Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Эгер Атамбаев Кыргызстандан чыгып кетсе, анда ал «экинчи Бакиев» болуп калат 

Саясатчылар чындыгында эле мурдагы президент өлкөдөн көп убакытка чыгып кетпейт деп ишенишет

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстандан болгону бир канча күнгө тышкары чыгып келишим мүмкүн деп билдирди.

«Мен өз өлкөмдөн тышкары учуп кетүүнү каалабаймын, - деп эскертти, ал журналистерге. - Мүмкүн, бир - эки күнгө өлкөдөн тышкарыга барып келүү керек болуп калар, бирок, ага керектүү мүмкүнчүлүк жана шарттар болушу керек. Бирок, бирөөлөр ойлобой эле коюшсун, мен бир жактарга учуп кетип, өлкөмдү мындан ары талоонго учуратпаймын. Андай болбойт, бул менин өлкөм, менин Мекеним жана мен бул жерде дайыма боломун. 

Ал кай тарапка жол тартаарын тактаган жок, бирок, кийинчерээк билдирүүгө сөз берди. 

Бир канча убакыт мурда Атамбаевди Россиянын бажысынын мурдагы башчысы, азыр «Евразиялык өнүктүрүү банкынын» башкармалыгынын төрагасы Андрей Бельянинов чакыргандыгы тууралу социалдык түйүндөрдө ушактарды талкуулоо  жүргөн. Бельяниновду «Кыргызстан боюнча куратор» деп аташат. Ошондой эле, мурдагы президент үчүн түзүлгөн кырдаалдан чыгып кетүүнүн, камакка түшпөөнүн эң жакшы жолу өлкөдөн чыгып кетүү болот деген сөздөр дайыма айтылып келе жатат.

Ошол учурда эле, тарых илимдеринин доктору, профессор Айнура Арзыматова мурдагы президенттин өлкөбүздөн узак убакытка тышка чыгып кетишине ишенбейт. Анын айткандарына караганда, мындай аракеттер анын мүнөзүнө туура келбейт. 

- Менин оюмча, ал чындыкты айтып жатат жана Кыргызстанды көпкө таштап кетиши мүмкүн эмес, көп болсо 2-3 күнгө, - деди саясат таануучу Vesti.kg сайтына. - Ал натурасы боюнча жоокер. Эмнени айткан болсо - так ошондой болот. Анын мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, баарын таштап учуп кетпейт деп ишененмин. 

Башка  саясий эксперт, мурдагы дипломат Марс Сариев эжени колдойт жана эгер Атамбаев Кыргызстанды таштап кетсе, коомчулуктун көзүндө «экинчи Бакиев» болуп эсептелинип калат. 

- Жээнбеков менен Путиндин жолугушуусунан кийин Бельянинов Атамбаевге телефон чалган деген маалымат болгон, - деп эске салды Сариев Vesti.kg сайтына. - Атамбаев баары бир кайтып келсе керек, эгерде Москвада кала турган болсо, Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевден эч нерсеси менен айырмаланбай калат. Ал андай киши эмес. Карап көрөлү, москвалыктар тараптан кандай аргументтер келтирилет. Менимче, мындай кадамдын минус жактарын түшүнүү менен ал жакта калуу анын мүнөзүнө туура келбейт. 

Саясат таануучу Аркадий Гладилов, өз кезегинде, мурдагы мамлекет башчысына бир канча айга «коомчулукту тынчтандыруу үчүн» Кыргызстандан чыгып кетүүнү сунуштайт элем дейт. 

- Азыркы бийлик менен Атамбаевдин ортосундагы бардык ушул конфронтациялар өлкөгө да, анын партиясына да, өзүнө да пайда алып келбейт, -деди ал Vesti.kg сайты менен болгон аңгемелешүүсүндө. - Эгер ал мындан ары да саясатта боломун десе, мен ага Кыргызстандан тышкарыда эс алып келүүнү сунуштайт элем. Анын жылдыздуу сааты өтүп кетти - саясаттан да өз убагында чыгып кетүү керек. 

Эльдос Казыбеков

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх