Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сот Текебаевдин ишин кайра карайт: Саясатчынын өзү сот жыйынындагы угууда болбойт

Соттук процесс бүгүн Жогорку сотто болуп өтөт 

Жогорку сот бүгүн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты камактагы Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карайт.  

Мурдагы парламентарийдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунованын  Vesti.kg сайтына билдиргенине караганда, ишти угуу бүгүн саат 16:30га дайындалган. 

- Жыйын ачык түрдө өтөт жана ал жыйынга Өмүрбек Чиркешовичтин тарапташтары киргизилбеши мүмкүн, - деп белгиледи ал. - Ошол эле учурда, Текебаевдин өзү да ал процессте болбойт, себеби, ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра карагандыктан, мыйзам боюнча, камактагы адам катышпаса деле болот. 

Эске салсак, азыр  «Ата Мекен» партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев №4 Бишкек шаардык клиникалык ооруканада жатат. Ал  «Паракорчулук» беренеси менен айыпталган.

Зулайка Эркимбаева

Фото www 




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх