Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аксакалдар Алмазбек Атамбаевге кат алып келишти. Ким «элди бөлөт»?

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева, менимче, кайрылуу президентке жолдонсо керек деп белгиледи. 

Келген элдер, биз аксакалдар болобуз дешип, кечээ мурдагы президент Алмазбек Атамбаев үчүн дешип кат беришти. Бул тууралу  Vesti.kg сайтына КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева айтып берди. 

- Кечээ кат алып келишиптир, -деп айтты ал. -  «Калыс-Ордо» жаңы конушунун аксакалдары болобуз дешип өздөрүн тааныштырышты. Алар тууралу Алмазбек Шаршеновичке айттык. Бирок, кат көбүнэсе Сооронбай Шариповичке багытталган - ал жерде президентке кайрылабыз деп жазышкан. Аксакалдар «элди бөлүштүрүп» баштадыңар деп жазышыптыр. Эгерде Алмазбек Атамбаев элди бөлгөн болсо, президенттик шайлоодо Сооронбай Шариповичтин талапкерлигин колдобойт эле. КСДП партиясынын Сооронбай Жээнбековду бирдиктүү талапкер деп жарыялаганда, аймактык белгилери боюнча бөлбөстөн, элдин биримдиги болсун деген тилеги болгон.   

Андан тышкары, Жолдубаеванын айтымында, бийлик өз ара сүйлөшүүгө кызыккан эмес. 

- Азыр бийлик баарынан алдыда, мамлекет жакшы иштеп жана өнүгүшү үчүн укуктук талаага кайтып келиши керек, - деп улантты КСДПнын расмий өкүлү. - Аксакалдар айтышты, президентке да кат беребиз дешип. Билбеймин, беришер бекен. Мурдагы президент биз тараптан консенсуска келүү үчүн үч жолу аракеттер жасалды деп айтып жатат. Бирок, Сооронбай Шарипович эки тараптуу сүйлөшүүгө даяр эмес экен. Ал тараптан эч кандай кадамдар болгон жок. Тескерисинче, Атамбаевдин өзүнө жана анын тарапташтарына карата Конституцияны орой бузуулар менен куугунтуктар башталды. Бул абал тууралу эмне айта алабыз? Бийлик өз ара сүйлөшүүгө барбай жатат, алар абалды курчутууда. 

Медина Купсулдаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх