Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Текебаевдин тарапташтары: Биз радикалдык чараларга барууга даярбыз. Унчукпай олтурууга болбойт

Атамекенчилерди партия лидеринин ишин кайра кароону соттун жылдырып койгону ачуулантты  

Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо жөнүндөгү чечими бүгүн Жогорку соттун имаратынын алдына чогулган анын тарапташтарынын сынына кабылды.

Өзүн «Ата Мекен» партиясынын мүчөсүмүн деп эсептеген Каныбек Абдрахманов, журналистерге саясий бирикменин жетекчисинин бошотулушу үчүн керек болсо, радикалдык кадамдарга барууга даярбыз деп билдирди. 

- Канчага чейин унчукпайбыз, - деди Абдрахманов. - Биз кандайдыр бир чараларды көрүшүбүз керек. Мүмкүн, саясий кеңештин жыйынын өткөрүү керектиги бар.Мен соттун Текебаевдин ишин акыйкат карашы үчүн радикалдык кадамдарга барууга даярмын. 

Ал арада  «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Vesti.kg сайтына, партия келерки соттук жыйынды күтө тургандыгын кабарлады. 

- Бизге күткөндөн башка эчтеке калган жок, - деди ал. - Биз азыр ар түрдүү жоромолдорду айтышыбыз мүмкүн. Мисалга, кээ бир партиялаштар бул саясий оюн дешет, башкалар болсо, соттор даяр эмес болуп калышты дешүүдө. Биз расмий жоопторго таянабыз жана кезектеги угууну күтөбүз.

Эске салсак, бүгүн Жогорку сотто Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевдин ишинде жаңы ачылган жагдайлар боюнча соттук жыйын болуп өтмөк. 

Иштин материалдарынын чоң көлөмдө болгонугуна байланыштуу процессти 2019-жылдын 21-августуна  жылдырышты.  

Зулайка Эркимбаева

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх