Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улан Саляновдун жактоочусу: Мамлекеттик айыптоо адам өлтүргүчтөр тарапта 

Жактоочу кабарлагандай, сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кайра иликтөөгө жөнөтүү тууралу арызды канаатандыруудан баш тартты

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлтүрүлүшү тууралу иш боюнча соттук жыйынды, соттун эмгек өргүүсүнө чыккандыгына байланыштуу кийинкиге калтырышты. Бул тууралу  Vesti.kg сайтына жактоочу Рабига Сыдыкова кабарлады. 

- Сотту судьянын эмгек өргүүсүнө чыккандыгына байланыштуу 30-августка жылдырышты, - деди ал. - Кечээ биз жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кайра иликтөөгө жөнөтүү тууралу арыз жөнөткөнбүз, бирок, аныбызды четке кагышты. Жагымсыз мойнубузга алганга туура келүүдө, мамлекеттик айыптоочу жабыр тарткандардын эмес, адам өлтүргүчтөрдүн тарабында болууда. Мамлекеттик айыптоо кылмышка барган адамдардын таламын талашып, жактоочу катарында болуп жатышат. 

Сыдыкованын айтымында, 30-августтан кийин, күбөлөргө сурак башталат, сот ошондон кийин гана ишти кайра иликтөө жөнүндөгү арыз боюнча чечимди кабыл алат.

Эске салабыз, 2017-жылдын 6-ноябрында Чүй облусунун Аламүдун районундагы Көк-Жар жаңы конушундагы үйгө үч маскачан белгисиз адамдар кирип келишкен.

Үйдүн бөлмөлөрүнүн биринде зөөкүрлөр үйдүн ээси - Улан Саляновго пистолеттен ок атышып, кылмыш болгон жерден качып кетишкен. 

Алынган жаракаттардын улам Салянов ооруканага бара жатканда жолдо каза тапкан.

Аталган факт Аламүдун райондук ИИБдө катталган жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин (эски кодекс) «Адам өлтүрүү» тууралу 97-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. 

Кылмыш ишинин андан ары иликтөөлөрүн жүргүзүү КР ИИМнин Тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. 

2017-жылдын ноябрь айынын аяктарында кылмышка шектүү катары ээнбаштык, талоончулук жана карактоо боюнча бир канча жолу соттолгон Чүй  облусунун тургуну, 1986-жылы туулган Э.Осмонкуловду кармашкан. Иликтөлөрдүн жыйынтыгында Осмонкуловго кылмышты жасаган деген аяккы күнөө тагылган.

Эльдос Казыбеков

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх