Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Алмазбек Атамбаев жакында Кой-Таштан чыгып жөнөйт» 

Партиянын өкүлүнүн айтымында, таштарды машинага жүктөшпөйт 

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны Москвага узатууга даярданып жатышат. Бул тууралу Vesti.kg сайтына КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева кабарлады. 

- Биз жакында резиденциядан чыгып жөнөйбүз, - деди ал. 

Атамбаев кай тараптан учуп кетет, белгисиз бойдон калууда. 

Жолдубаева мурдагы мамлекет башчысынын тарапташтары кичи автобустарга таштарды жүктөп жатышыптыр деген маалыматты четке какты.

- Мен таш жүктөп жаткандарды көргөн жокмун, менимче, бул калп, - деп чечмеледи ал. 

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев кримтөбөл  Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу жөнүндөгү иш боюнча күбө катары өтүүдө. 

Мурдагы президентти үч жолу суракка чакырышкан, ошол эле учурда, кол тийбестигим алына элек деп ишендирүүгө аракет жасап, ал үч жолкусунда да чакырууну четке каккан.

Суракка чакыруудан үчүнчү жолу баш тарткандан кийин, Кой-Ташка Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов жана тергөө тобунун жетекчиси келишкен.  Алмазбек Атамбаев ИИМ кызыккан бардык суроолорго ЖМКлар аркылуу жооп берүүнү сунуштаган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www 



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх