Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаев өзүнүн тарапташтары менен Москвага учуп кетти (фото)

«Орусиянын борборунда эң жогорку деңгээлдеги жолугушуулар күтүлөт»

Алмазбек Атамбаев  «Канттагы» авиабазадан Москвага учту. Бул тууралу Vesti. kg сайтына анын кеңешчиси Кундуз Жолдубаева кабарлады. 

Мурдагы президент менен бирге Оруссиянын борборуна анын тарапташтары да жөнөшкөн. Жеке менчик учакта биргелешип түшкөн сүрөттү Жолдубаева  Facebook социалдык түйүнүнө жарыялады. 

Алмазбек Атамбаевден жана анын кеңешчисинен тышкары сүрөттө Ирина Карамушкинаны, Мурадыл Мадеминовду, Асель Кодураңованы жана Темирлан Султанбековду көрүүгө болот.

здесь будет фото

«Жолугушканча, кымбаттуу достор! Биз жолго! - деп жазган Жолдубаева. - Чакырган тарап РусДжет авиакомпаниясынын ВС: RRJ-95B тибиндеги атайын бортун жөнөткөн. 

Делегациянын курамы:  мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, КСДП партиясынын төрайымынын м.а. Асель Кодуранова, КСДПнын төрагасынын орун басары Мурадыл Мадеминов, Ирина Карамушкина жана Кундуз Жолдубаева, КСДП партиясынын Орусиядагы расмий өкүлүТемирлан Султанбеков. 

Москвада эң жогорку деңгээлдеги жолугушуулар күтүлүүдө».  

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх