«Кол сынса, жең ичинде»: Бийлик менен болгон араздашууну өлкөдөн сырткары алып чыккандагы үчүн Атамбаевди күнөөлөшүүдө
Ошондой эле, мурдагы президенттин Канттагы авиабазадан учуп кетиши - бул Орусиянын Кыргызстандын ички иштерине кийилигишүүсүнө тете дегендик
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Канттагы россиялык авиабазадан Москвага учушу анын ички араздашууларды эл аралык мейкиндикке алып чыкканын айтып турат. Ушундай пикири менен белгилүү саясат таануучу Марс Сариев Vesti.kg сайтына бөлүштү.
Анын айтымында, бул факт менен аны аскердик обьект аркылуу качты деп бааласа болот, эмне болгон чакта да, «Кант» расмий түрдө ЖККУнун авиабазасы катары эсептелет.
- Атамбаев камап коюшат деп коркот жана ушундай жол менен учуп кетип жатат, - деп белгиледи эксперт. - Имидж тарабынан жана дипломатиялык көз караштан алып караганда, ички араздашууну эл аралык мейкиндикке чыгаруу менен ал утулууда. Өлкөбүздүн мурдагы жетекчиси Аскар Акаев учурда Орусияда, Курманбек Бакиев да өлкөнү таштап кеткен, эми Атамбаев чыгып кетип жатат. Мындан, болуп жаткан процесстерди Орусия башкарып жатат дегендей болот экенсиң.
Эксперт Атамбаевдин саясий келечегин сактоо үчүн, Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочаряндын мисалындагы жолун жолдошу керек эле деп эсептейт.
- Кочарян тергөө абагында жатып, кайра чыкты, бир аз убакыт өткөндөн кийин кайрадан камакка алышты, - деп эске салды Марс Осмонкулович. - Алмазбек Атамбаевге да тышкы ресурстар менен аппелирлөө керек эмес эле. Ошондуктан, биз өзүнчө жетишкен мамлекет катары болбой жатабыз. Керек болсо, жарандарыбыз да бул абалда өздөрүн жайлуу сезе албай жатышат.
Бирок, саясат таануучу Аркадий Гладилов Орусия Кыргызстандын ички иштерине кийлигишкен жок деп эсептейт. Vesti.kg сайты менен болгон аңгемелешүүдө эксперт, Атамбаевдин Кыргызстандан тышкарыда бир нече ай өткөрүшү зарыл деп белгилейт.
- Бул жерде эч кандай кийлигишүү жок, адамдын эркиндиги бар жана кай жакка кааласа ошол жакка учуп кетсе болот, - деп баса белгиледи ал. - Акаев да, Бабанов дагы Москвада турушат, алардын абалында биз Орусияны ички иштерге кийлигишип жатат деп айтканыбыз жок да. Ал эми анын учуп кетип жатканы - өтө туура, бул жерде баары тынчтанганча, ал ошол жерде бир канча ай болгону туура болот.
Эксперттин сөздөрү боюнча, эгер мурдагы президент Алмазбек Атамбаев саясатта каламын десе, ага Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин командасынын жасаган иштерин изилдеп чыгышы керек.
- Алар өтө чоң артыкчылык менен алгач, президенттик шайлоодо, андан кийин парламенттик шайлоодо жеңип чыгышты, - деп эске салды Гладилов.
КТРКнын мурдагы башкы директору Илим Карыпбеков да, Кыргызстан маанилүү маселелерди чечүүдө өз алдынча боло албай жатат деген ойдо. Ушундай пикири менен ал өзүнүн Twitter баракчасында бөлүшкөн.
«АШАнын Канттагы авиабазадан учуп кетиши бир нерсени гана билдирет - Кыргыз Республикасынын стратегиялык, тагдыр чечкен маселелери Москвадан чечилет, - деп жазган Карыпбеков. - Эгер бул тууралу мурда латенттүү айтылып келсе, коомчулук ачык сүйлөбөсө, бирок, баары билсе, азыр болсо, биздикилер кол коюп коюшту жана дүйнө жүзүнө көрсөтүштү».
Зулайка Эркимбаева
Фото www