Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Төлөкан Исмаилова: Прокуратура Азимжан Аскаровго карата агресивдүү көңүлдөнүп алган

Укук коргоочуга карата өкүм өзгөртүлгөн жок 

Чүй облустук сотунда өмүр бою абакка камалган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши кайра каралды.  

Анын жактоочусу Валерьян Вахитов Аскаровду сот залына алып келүүнү суранды, бирок, ага аны алып келүүдөн баш тартылды. Андан тышкары, сот Вахитовдун келтирген жүйөлөрүн беш айыптоо боюнча четке какты.

Жыйындын жүрүшүндө Вахитов, 2010-жылдын 12-июнундагы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон айылындагы Азимжан Аскаровдун  сөзү боюнча эксперт - лингвистердин корутундусу жок деп билдирди. 

Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова соттун чечимине нараазы болду. Анын айтымында, прокуратуранын өкүлү соттун «адилеттиги» форматын бузган. 

- Биз өтүнүч арызды бере баштаганда, прокурор Кенжетаева эмнегедир агрессивдүү мүнөздө бизге каршы көңүлдөнгөндөй болду, - деп белгиледи укук коргоочу Vesti.kg сайты менен болгон аңгемелешүүсүндө. - Процесс башталганда эле, бул ишти кайра кароого болбойт, себеби, ал өмүр бою түрмөгө кесилген деп айтып жатты ал.  Соттор кылмыш ишинин маңызына терең маани беришпейт. Соттор курамы жаңы кылмыш мыйзамдуулугу жана гуманизация форматы боюнча иштин кайра каралып жаткандыгы тууралу келтирилген жүйөлөрдү изилдеген эмес. 

Исмаилова Аскаровдун ден-соолугу аябай начарлаганын кошумчалады. Анын пикиринде, жашы өтүп калган адамдарга байланыштуу башкача бир жаза берүү жолдорун колдонулуш керектигин кошумчалады.  

Эске салсак, Азимжан Аскаров Жалал - Абад облусунун Базар-Коргон районунда жашаган жана укук коргоо ишмерүүлүгү менен алектенген. 2010-жылдагы июнь окуяларынан кийин тартип бузууларды уюштуруп, бир милицияны өлтүрүүгө катышкан деген айып менен кармалган. Бардык инстанциядагы соттордун чечими менен өмүр бою эркинен ажыратылган. 

2016-жылдын апрелинде  БУУнун адам укуктары боюнча Комитети Кыргыз бийликтеринен анын ишин кайра кароого чакырган. Ал өзүнүн чечимин мыйзамсыз кармоодон, Азимжан Аскаровго карата түрмөдө кыйноолор колдонулгандыгы менен негиздеген. 

Кийинчерээк иш Чүй облустук сотунда каралып, 2017-жылдын 24-январында өмүр бою эркинен ажыратылгандыгы тууралу өкүмдү күчүндө калтырган. Бирок, кээ бир эл аралык уюмдар укук коргоочуну түрмөдө кармоо мыйзамсыз дешкен ойлорунан тая элек. 

Эльдос Казыбеков

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх