Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камакка алынган мурдагы башкы прокурор Аида Салянова тезинен ооруканага жаткырылууга муктаж

Медиктер кезектеги операция тууралу кеп кылышууда 

Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Аида Салянова тезинен ооруканага жаткырылууга муктаж. Бул тууралу Vesti.kg сайтына анын туугандары кабарлашты. 

Алардын маалыматтары боюнча, Салянованын ден-соолук абалы начарлоодо, жүрөгүнө операция жасоо каралган. 

- Врачтардын чыгарган бүтүмүнө ылайык, Аида Жеңишбековнага көп диагноздор коюлган, -дешти мурдагы башкы прокурордун туугандары. - Булар кайталанган ревматикалык калтырак, панкардит, сол атриовентрикулярдык тешиктин стенозу, ачык көрүнгөн. Митралдык капкакчанын 1-даражадагы жетишпестиги. Андан тышкары, аорталдык капкакчанын 1-даражадагы жетишпестиги. Үч бутактуу капкакчанын 2-даражадагы жетишпестиги. Жогорку өпкө артериалдык гипертензиясы. Суправентрикулярдык экстрасистологиялык аритмия. 2019-жылдын 28-июнунан баштап жүрөктүн тездетилген эктопикалык ритминин эпизоду. Гис түймүлчөгүнүн оң бутундагы толук эмес жабылышы. СНФК III (NYHA). Жүрөк астмасы. Коронарит жок деп айтканга болбойт. Артериалдык гипотония. Полиартралгия.

Саляновага митралдык капкакчанын протездөө жана жасалма кан айлантуу шарттарында үч бутактуу капкакчанын пластинасы көрсөтүлгөн. 

Сөз азыр пландуу операция тууралу болуп жатат. 

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх